Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

НАТО коргонуу чыгымын талкуулоодо


Рекс Тиллерсон жана Йенс Столтенберг. Брюссель, 31-март, 2017-жыл.
Рекс Тиллерсон жана Йенс Столтенберг. Брюссель, 31-март, 2017-жыл.

Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине АКШнын азыркы администрациясы такай көтөрүп келаткан маселе - коргонуу чыгымдарын тең бөлүшүү коюлду. Ошондой эле терроризмге каршы күрөш жана Орусия менен мамиленин болочогу да талкууланууда.

НАТО тышкы иштер министрлеринин бул жолку кеңешмесине АКШнын азыркы мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон алгачкы ирет катышууда.

Ал жыйын башталар алдында кабарчыларга буларды айтты:

- Биз талкуулоону көздөгөн маанилүү үч нерсе бар. Эң биринчиси - НАТО өзүнүн миссиясын аткара алгыдай зарыл каражаттарга ээ болушу керек. Биз ошондой эле НАТОнун “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө, башка антитеррористтик аракеттерге канткенде жигердүү катыша алуусун да сүйлөшкүбүз келет. Ал аракеттер акыр аягында Жакынкы Чыгыштагы стабилдүүлүктү камсыздоосу абзел. Албетте биз Орусиянын Украинадагы, башка жерлердеги агрессиясына жооп катары НАТОнун Европадагы, өзгөчө Чыгыш Европадагы турумун да талкуулайбыз.

НАТО тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Брюссель, 31-март, 2017-жыл.
НАТО тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Брюссель, 31-март, 2017-жыл.

Тиллерсон кийин кеңешменин жүрүшүндө сүйлөгөн кезинде күтүлгөндөй эле Түндүк Атлантикалык альянстын башка мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө же уюмдун бюджет боюнча эрежеси кантип аткарылары боюнча пландарын даярдоого чакырды. Ал белгилегендей, АКШ альянстын башка 27 мүчөсүнө салыштырганда НАТОнун коргонуу чыгымдарынын “пропорционалдуу эмес үлүшүн” көтөрүүдө.

"Биздин максат өлкө лидерлеринин майдагы жолугушуусунда жыл аягына чейин союздаштардын баары убадасын орундай турганын же ал кантип аткарылары ачык-айкын көргөзүлгөн планды иштеп чыгуусун макулдашуу болушу керек", - деди Тиллерсон.

Брюсселдеги жыйын НАТОнун 25-майга мерчемделген саммитине даярдык да болуп эсептелет. Ал саммитке президент Трамптын да катышуусу күтүлүүдө.

НАТО өлкөлөрү он жыл ичинде коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүүгө 2014-жылы эле милдеттенме алган. Учурда бул чекке беш гана өлкө жете алды.

Трамп НАТО өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүп, каржылык жүктү Кошмо Штаттар менен чогуу көтөрүүсү керектигин президенттикке талапкер кезинде эле айтып жүргөн.

Президенттикке шайлангандан кийин бир ирет НАТОну “эскирген уюм” деп аташы, Орусиянын жакыныраак мамиле орнотуу ниетинин бардыгы альянстагы өнөктөш өлкөлөрдүн тынчсыздануусун жараткан.

Германия аскерлери Литвадагы машыгууда. 2016-жыл.
Германия аскерлери Литвадагы машыгууда. 2016-жыл.

Бирок НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг АКШнын азыркы президенти аскерий альянска мурдагы президенттердей берилген эмес деген камтамачылыктарды четке кагып, уюмдун европалык мүчөлөрү менен АКШ мамилесин “таштай бекем” деп сыпаттап келүүдө.

Жыйында НАТОнун Орусия менен алакасынын келечеги да талкууланууда. Тараптардын мамилеси украин кризисинен улам бузулуп, кансыз согуш доорунан берки эң төмөнкү деңгээлге түшкөнү маалым.

НАТОнун өз жыйынын утурлай кечээ Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин быйылкы жылдагы алгачы отуруму да өткөн. НАТО – Орусия кеңешинин отурумунан кийин башкы катчы Йенс Столтенберг:

- Союздаштар менен Орусиянын Украина жана анын айланасындагы кризис боюнча ачык пикир келишпестиги уланууда. Бул биз кайрылган маселелердин бири болду. Коопсуздук кырдаалы болсо мурдагыдай эле олуттуу тынчсыздануу жаратат. Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу режими бузулган учурлар рекорддук деңгээлге чыкты, ургаалдуу аскерий аракеттер уланып, оор техника да колдонулууда. НАТО боюнча өнөктөштөр бүгүн Орусияны согушкерлер өз милдеттенмелерин толук аткаруусу үчүн аларга болгон таасирин толук көлөмдө колдонууга чакырды.

Ал эми Орусиянын НАТОдогу элчиси Александр Грушко өз кезегинде Түндүк альянсты "расмий Киевге саясий жана практикалык колдоону улантып жатканы, бирок бул саясат жаңжалды жөнгө салуу боюнча нукура кызыкчылыктарга шайкеш эместиги" үчүн сынга алды.

Брюсселде жума күнү украин тышкы иштер министри Павло Климкиндин катышуусунда НАТО – Украина кеңешинин отуруму да өткөнү турат. Башкатчы Столтенбергдин ырастоосунда, бул НАТО Украина алдындагы милдеттенмелерин улантарынын ачык белгиси.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG