Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

АКШ Украинага курал жөнөтүүнү караштырат


АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер.
АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Вашингтон Украинага курал-жарак жөнөтсө, Донбасстагы жаңжал курчуйт деп билдирди. Анын алдында АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер андай мүмкүнчүлүк каралып жатканын, бирок чечим кабыл алына электигин айткан эле. Дипломат жаңжал аймагын кыдырып чыгып, гуманитардык кырдаал оор экенине, ал жакта чыныгы согуш жүрүп жатканына көңүл бурган.

Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Песков 25-июлдагы телефон конференциясында: “Жаатташкан эки тарапты бөлгөн тилкеде чыңалууну козуткан, жалпы кырдаалды курчуткан аракеттер Украинанын ички жаңжалын жөнгө салуудан алыстатат деп айтып келатабыз” - деди.

Алдыңкы күнү ушул айдын башында Кошмо Штаттардын Украина боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган НАТОдогу мурдагы элчи Волкер украин армиясын курал-жарак, айрыкча танктарга каршы жабдуулар менен камсыздоо маселеси каралып жатканын билдирген. Мындай кадам өлкө чыгышындагы кризисти чечүүгө көмөк берет, бирок акыркы чечим кабыл алына элек деген дипломат "Настоящее время" каналына курган маегинде.

- Орусия Украинага ансыз да оор куралын жөнөтүп келатат. Чек арасына да танктарын топтогон. АКШ курал жиберүү менен орустарды мындан артык чагымчыл аракеттерге түртөт же баланс өзгөрөт деп ойлобойм. Курал-жарак менен камсыздоо чечими кабыл алынган күндө Орусия Украинанын аймагына каршы кадам жасай турган болсо, Киев өзүн коргоо мүмкүнчүлүгүн алат. Орусия андайга барбайбыз деп айтып келатат, демек эч кимге залкасы тийбейт.

Өткөн күндөрү Волкер Донбасстагы согуш аймагындагы бир нече айылдарды кыдырып чыккандан кийин Авдеевка шаарчасында АКШнын Киевдеги элчиси менен пресс-конференцияда: "Бул - чечилбей турган жаңжал эмес, кадимки согуш. Кризисти тезирээк чечүү маанилүү", -деп айткан.

Дипломат ал жактагы гуманитардык кырдаал оорлошконун, быйыл каза тапкандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 65 процентке өскөнүн, жайкын тургундар арасындагы жоготуулар кооптуу деңгээлге жеткенин белгиледи.

Ал эми кризисти жөнгө салуу маселесине токтолуп, Волкер Минск процесси маанилүү, себеби ага Орусия да катышууда. Өз катышуусу менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактарын ырастайт деди. Ошол эле маалда Вашингтондун өкүлү тынчтык аракеттери туңгуюкка такалганын, биринчи кезекте ок атышууну токтотуу керектигине басым жасады.

- Аракеттерди стратегиялык жогору деңгээлге чыгаруу зарыл. АКШ бул жараянда мындан да активдүү роль ойноого тийиш. Ошол себептен мен бул кызматка дайындалгам. Норманд төртүлүгү боюнча шериктер Германия жана Франция да көбүрөөк тартылышы керек. Чынын айтсам, Орусия да жаңжалды жөнгө салууну кааласа, башкача стратегиялык тандоо жасоого тийиш. Украинанын аймактык бүтүндүгү жана карапайым калктын коопсуздугу деген эки приниципте мунасага келе алсак, прогресс болот деп ойлойм.

Волкер маалымат өнөктүгүн да күчөтүү, Орусиянын үгүтүнө туруштук берүү маанилүү деди.

Өткөн жекшембиде Украинанын Башкы штабынын командачысы Виктор Муженко Орусия Украина менен чек арага “ыкчам чабуул коюуучу дивизияны которгонун” айткан.

Орусия болсо Украинанын чыгышындагы жикчилдерди курал-жарак менен камсыздап жатат деген айыптоолорду четке кагууда. Коргоо министрлиги согуштук аракеттерге орусиялык аскер кызматкерлери катышпаганын айтып келет. Ошол эле маалда алардын кошуна өлкөдөгү операцияларга тартылып жатышын ал аймакта иштеген журналисттер далилдешүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG