Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

АКШ Крым аннексиясын кабыл албайт


Украинанын президенти Петро Порошенко менен Пентагондун башчысы Жим Мэттис (солдо).
Украинанын президенти Петро Порошенко менен Пентагондун башчысы Жим Мэттис (солдо).

Пентагондун башчысы АКШ Орусиянын Крым жарым аралын аннексиялашын эч качан кабыл албайт деп билдирди. Жим Мэттис бул тууралуу 24-августта башка чет өлкөлүк коноктор менен катар Украинанын эгемендик күнүнө арналган салтанатка катышкан учурда айтты.

Көз карандысыздыктын 26 жылдыгына арналган параддан кийин президент Петро Порошенко менен АКШнын коргоо министри жолугуп, маалымат жыйынын өткөрүштү.

- Орусиянын Крымга басып киргенин эч качан кабыл албайбыз. Орусия моюнга албаганы менен эл аралык чек араларды кайра бычууну көздөп жатат. Муну менен Европадагы эркин жана суверендүү мамлекеттерге да доо кетүүдө. Орусия Минск келишиминин шарттарына макул болгондо өзүнүн эл аралык кадыр-баркын ортого салган. Келишим ок чыгарууну токтотууну, оор техника менен куралды алып чыгууну, европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясына тоскоолдуксуз жаңжал аймагына барууну камсыздоо каралган.

Анын алдында аскерий парадда сүйлөгөн Порошенко “агрессор чабуул коюуга аракеттенсе, Украина мизин кайтарарын” айткан.

Киевдеги парад. 24-август. Украина
Киевдеги парад. 24-август. Украина

Ошол эле маалда президент өлкө «Крымды жана Донбассты кайтарууда тынч, дипломатиялык, саясий жана мыйзамга негизделген жолго” артыкчылык берерин кошумчалады.

Өнөктөштөргө ишенебиз деген Порошенко Британия, Грузия, Эстония, Канада, Латвия, Литва, Молдова, Польша, Румыния жана АКШнын коргоо министрлери менен аскерлерине парадга катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

2014-жылдын апрелинде орусиячыл жикчилдер Донецк жана Луганск облустарын өз көзөмөлүнө алганда тутанган согушта Улуттар уюмунун эсебинде 10 миң 90 киши набыт кеткен, алардын 3 миңге жакыны карапайым кишилер. 24 миңдейи жарадар болду.

2015-жылы түзүлгөн Минск келишимдеринин алкагында бир нече ирет ок атышпоо жарыяланганы менен андан майнап чыкпай келет.

Эгемендик майрамы алдында Порошенко Литва, Латвия, Эстония жана Монтенегронун министрлери менен жыйын куруп, бул – “орток коркунучтарга туш болгон өлкөлөрдүн биримдигин, тилектештигин көргөзөт” деди.

АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп Порошенконун атына жолдогон куттуктоо телеграммасында Кошмо Штаттар Украинанын “суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн”, өлкөнүн чыныгы европалык улут болуу дымагын колдойт деди.

Бул тууралуу украин президентинин сайтында айтылат.

Пентагондун башчысы менен бирге Киевге АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер да барды.

Волкер өткөн айда “Настоящее время” каналына берген интервьюсунда Трамптын администрациясы өкмөттүк күчтөргө жикчилдерге каршы күрөшүүгө Киевге курал-жарак жөнөтүүнү караштырып жатканын айткан.

6-августта америкалык маалымат каражаттары Пентагон Украинага 50 миллион долларга жакын аскердик жардам бергени жатат деп кабарлашкан.

Ал тапта Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму өлкө чыгышында согушуп жаткан күчтөр 1-сентябрь – окуу жылынын башталышын утурлай ок атышпоо жөнүндө макулдашканын билдирди.

Соңку жарашуу 22-августта “Нормандия төртилтигине” кирген Германия, Франция, Орусия жана Украина лидерлеринин телефон сүйлөшүүсүндө талкууланган.

АКШ жана Европа Биримдиги Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасстагы жикчилдерди колдоп жатканы үчүн Москвага каршы санкция киргизген.

- Кошмо Штаттар жана анын шериктери Минск келишимдеринин аткарылышы үчүн кысымды уланта беришет, санкциялар Москва ошол жазалоочу чараларга алып келген аракеттерин токтомоюнча кала бермекчи, - деди АКШ Коргоо министри.

Украинанын эгемендик майрамы. (Видео орус тилинде)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG