Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Түркия Крымдын аннексияланышынын үч жылдыгында Орусияны айыптады


Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Крымдын аннексияланышын мыйзамсыз деп атап, Орусия тарапты Украинанын аймактын бүтүндүгүн сыйлоого чакырды.

Министрликтин сайтында жазылгандай, Анкара жарым аралдагы крым татарларынын укугун жана кызыкчылыктарын коргоону уланта берет.

2014-жылдын 18-мартында Крым менен Севастополдун Орусияга кошулушу боюнча келишимге кол коюлган. Бул Орусиянын аскерлеринин жарым аралга кирип барып, эл аралык коомчулук тааныбаган референдум өткөрүлгөндөн кийин болгон.

АКШ жана Евробиримдик Орусия Крымды аннексиялап алды деп белгилеп, азыркыга чейин ал референдумдун жыйынтыгын тааныбай келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG