Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Түркиянын тышкы иштер министри Орусияны тартипке чакырды


Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

«Орусия Сириядагы өз таасирин согуштун тутанышы үчүн колдонбостон, 3-февралда Идлибге урулгандай соккулар кайталанбашы үчүн пайдаланышы керек. Ал күнү Түркия менен Сириянын бир нече жоокерлери өлтүрүлдү». Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 4-февралда ушундай билдирүү жасады. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн журналисттерге айтып берди.

Дүйшөмбү күнү Сириянын Идлиб аймагында оппозициянын коргонуу жайларына карай Сириянын өкмөттүк күчтөрү чабуул коюшкан. Андан Түркиянын жети жоокери жана бир жай тургуну көз жумган.

Шейшембиде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Константин Косачёв: «Сириянын Идлиб аймагындагы согуштук аракеттердин күчөшү орус-түрк мамилеси үчүн чоң текшерүү болот», - деди.

4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да билдирүү таратты. Ал: «Түркия өзүнө алган милдеттенмелерди аткара алган жок. Министр өзү айткандай «Идлибдеги абалды түп-тамырынан өзгөртүү» маселесин чече албай койду», - деди.

Мындан бир күн мурун Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинага барып, Крым жарым аралын эч качан Орусиянын бир бөлүгү катары тааныбай турганын жарыялаган. Ал Украинадагы реформаларды колдой турганын айткан. Андан мурдараак Эрдоган Орусиянын Сириядагы аскердик аракеттерин сындап чыккан.

XS
SM
MD
LG