Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Украина Босфордон орус кемелерин өткөрбөөнү өтүнөт


Украиндердин Керчте кармалган кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Украиндердин Керчте кармалган кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.

Украина Түркиянын жетекчилигине кайрылып, Босфор кысыгынан Орусиянын кемелерин өткөрбөөнү өтүнөт. Бул тууралуу Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башчысы Игорь Воронченко бейшембиде билдирди. Киевдин мындай өтүнүчүнө Керч кысыгында Орусия украин кемелерин кармап кеткени себеп болду.

Бул окуяны Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.

Украин президенти Петр Порошенко немисттердин "Bild" гезити менен болгон маегинде Киев НАТО өлкөлөрүнөн Азов деңизине аскердик кемелерди жиберүүнү суранарын айтты. Порошенко Орусия Крым менен Донбасстан кийин Украинанын «аймагынын дагы бир бөлүгүн жулуп алууну көздөйт» деди. Анын айтымында, «Путин Батыш өлкөлөрү тилектеш болгондо гана сестенет».

Кара деңиз менен Жер ортолук деңизи бириккен жердеги Босфор жана Дарданелл кысыктарын пайдалануу 1936-жылы кабыл Монтрё конвенциясы менен жөнгө салынат. Ага ылайык, Түркия Кара деңиздеги өлкөлөрдүн аскердик кемелерин өткөрүүгө милдеттүү.

Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия Киев менен Москванын ортосунда ортомчу боло аларын бейшембиде билдирген. Шаршембиде ал украин жана орус президенттери менен телефондон сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG