Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Президент: Баш мыйзам кабыл алынса, бир топ мыйзамдар өзгөртүлөт


Садыр Жапаров. 2021-жылдын, 11-апрели.
Садыр Жапаров. 2021-жылдын, 11-апрели.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президент жана өкмөттүн аппараты тарабынан бир топ мыйзамдарды өзгөртүү үчүн мыйзам долбоорлору даярдалганын билдирди.

Ал бул тууралуу жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш бергенден кийин, “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Жапаров учурда бири-бирине каршы келген мыйзамдар көп экенин белгилеп, референдумда Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса, бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизиле турганын айтты.

“Акыркы отуз жылда кимдер гана мыйзам жазган жок. Түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр да жазды. Тапшырма бергенбиз, азыр мыйзам долбоолору иштелип чыгып даяр турат. Бүгүн эл жаңы Баш мыйзамды колдоп берип, болжол менен 20-апрелде расмий жыйынтыгы чыкса, бардык долбоорду Жогорку Кеңешке киргизебиз. Жогорку Кеңеш эс алууга кеткенге чейин кабыл алып бериши керек”, - деди президент.

Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берди.

Садыр Жапаров добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болууда. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG