Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Президент Жапаров: мурунку бийликтин кемчилигин кайталабашыбыз керек


Президент Садыр Жапаров жана аялы Айгүл Жапарова добуш берүүдө. 2021-жылдын, 11-апрели.
Президент Садыр Жапаров жана аялы Айгүл Жапарова добуш берүүдө. 2021-жылдын, 11-апрели.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү күнүндө кайрылуу таратты. Анда мамлекет башчы тийиштүү органдарга шайлоону таза өткөрүүнү талап кылганын билдирди.

“Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум административдик ресурстар колдонулбастан, адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек. Биз буга чейинки бийликтин кетирген кемчиликтерин кайталабай, өткөн күндөрдөн сабак алышыбыз зарыл”, - деп айтылат кайрылууда.

Жапаров кыргызстандыктарды шайлоого жигердүү катышууга чакырды. Ал өлкөнүн мындан аркы багыты жарандардын бүгүнкү чечиминен көз каранды экенин белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу 106 арыз каралып жатат. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 36, административдик ресурс боюнча 23 кайрылуу келип түшкөн. Калгандары ар кандай мыйзам бузуулар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады.

Ал эми өлкөнүнү Ички иштер министрлигине (ИИМ) мыйзам бузуу жөнүндө 255 маалымат түшкөн. Буга чейин НДПК, "Реформа", "Республика", "Реформа", "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурс болуп жатканын айтып чыгышкан.

Кыргызстанда бүгүн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге шайлоо пропорционалдык система менен өтөт, анда талапкерлер партиялык тизме аркылуу гана ат салыша алышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG