Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

"Реформа" көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.

"Реформа" партиясы Бишкек шаардык кеңешине көчмө добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар боюнча билдирүү таратты.

Бул партия көчмө добуш берүүдө үй жана квартал комитеттеринин башчыларынын шайлоочулардын атынан арыз беришин – административдик ресурс катары баалап жатат.

Мындан тышкары сырттан добуш берген шайлоочулардын арызы мыйзамга шайкеш келер-келбесин текшерүүнү, аны текшерген топко саясий партиялардын өкүлдөрүн кошууну сунуш кылды. Көчмө шайлоодо Бишкектеги бир нече добушканалардагы эреже бузуулар боюнча Аймактык шайлоо комиссиясынын отурумун өткөрүүгө чакырды.

"Реформа" Бишкек боюнча 10-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну, ал күнү административдик ресурс колдонду деген жана башка орой мыйзам бузууга жол берген саясий партиялар менен талапкерлерге чара көрүүнү талап кылган.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келе албаган жарандар 10-апрелде көчмө үкөктөр аркылуу добуш беришкен. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, эрте добуш берүүгө 4900дөн ашык жаран арыз жазган. Алардын ичинен арызды өз алдынча же болбосо жакындары аркылуу берип жибергендердин саны 648 адамды түзгөн. 4 322 арыз үй жана квартал комитеттеринин жетекчилери аркылуу берилгени кабарланды. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG