Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

“Жалпы иш” уюму мыйзам бузулушу мүмкүн делген 50 учурду каттады


Ош. 2021-жыл, 11-апрель.
Ош. 2021-жыл, 11-апрель.

Кыргызстандагы шайлоого байкоо салып жаткан “Жалпы иш” уюму саат 14:00гө чейин мыйзам бузулушу мүмкүн делген элүү учур катталганын кабарлады. Алардын 31и Бишкек, 19у Ош шаарында. Уюм жыйырмадай шайлоо тилкелериндеги добуш берүү жараянын, добуш берүү купуялыгын бузуу жана байкоочулардын укугун басмырлоо боюнча тийиштүү органдарга арыз жөнөттү.

Өлкө боюнча “Жалпы иш” уюмунун 370 байкоочусу шайлоо жана референдумга көз салып жатат.

Ош шаарында жана облуста саат 15:00гө карата шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө 21 маалымат милицияда катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу жалпы 106 арыз каралып жатканын билдирген.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG