Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Ашыкча бюллетенди үкөккө салган учур тартылган видео териштирилип жатат


Оштогу добушканалардын бири. 2021-жыл, 11-апрель.
Оштогу добушканалардын бири. 2021-жыл, 11-апрель.

Баткендин Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында бир адам башка бюллетенди кошуп электрондук кутучага салып жатканы тартылган видео териштириле баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, бир шайлоочунун кабыл албай койгон бюллетенин экинчи киши өзүнүн бюллетенине кошуп салып жатканы белгилүү болду. Факты райондук милициянын электрондук журналына катталган.

«Kloop.kg» сайты буга чейин өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында бир шайлоочу бир канча бюллетенди кутучага салып жаткан видеону жарыялаган.

Ошондой эле Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Жаңы-Маала айылындагы №5221 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешке талапкерлердин акча таратып жатканы жөнүндө «Kloop.kg» сайтынын маалыматы текшерилип жатканы маалымдалды.

Аталган сайттын 3 миңдей байкоочусу жер-жерлерде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдун жүрүшүнө байкоо салууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG