Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Экс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көп


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков добуш берүүдө. 2021-жылдын, 11-апрели.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков добуш берүүдө. 2021-жылдын, 11-апрели.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн дарегине айтылган сөздөргө өлкөдөгү саясий туруктуулук үчүн жооп бербей жатканын айтып, “саясий чайкоочулук кылгысы келгендер бар” экенин билдирди.

Ал бул тууралуу пикирин жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип чыккандан кийин, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде да айтылчу сөздөр көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылгандар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт”, - деди Жээнбеков.

Жээнбеков азыркы мамлекет башчы колунан келишинче иштеп жатат деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо участогунда добуш берди. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп 2017-жылы 15-октябрда 6 жылга шайланып, 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен.

Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык себеп болгон. Ошол кезде президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып турган Садыр Жапаров Жээнбековго экс-президент макамын ыйгарган.

Февраль айында Садыр Жапаров "Российская газета" басылмасына курган маегинде мурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду сынга алган. Ага мурдагы президент тарабынан жооп болгон эмес.

(TSh)

XS
SM
MD
LG