Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Садыр Жапаров мурдагы президент Жээнбековду сындады


Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгып баратышат (Фото архивден).
Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгып баратышат (Фото архивден).

Президент Садыр Жапаров "Российская газета" басылмасына курган маегинде мурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду сынга алды.

"Тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган", - деди мамлекет башчысы кабарчынын элдик толкундоолор боюнча берген суроосуна.

Жапаров интервьюда Кыргызстан геосаясий жактан өтө ыңгайлуу болгондуктан, ага көзөмөл кылууга кайсы бир кызыкдар тышкы күчтөр бар экенин белгилеген. Андай күчтөр туруксуздук жаратып, мамлекет ичинде чагымчылдык уюштурууда маанилүү роль ойнойт деген пикирин айтканы менен президент Жапаров алар кайсы күчтөр экенин ачыктаган эмес.

Жапаровдун бул маегине байланыштуу мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тараптан жооп болгон жок.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп 2017-жылы 15-октябрда 6 жылга шайланып, 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен.

Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык себеп болгон.

Ошол кезде президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып турган Садыр Жапаров Жээнбековго экс-президент макамын ыйгарган.

Ушул жылдын январь айында Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр, учурда абакта жаткан Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча суракка чакырылганы маалым болгон. Экс-президенттин жактоочусу буга Жээнбеков суракка барууга милдеттүү эмес экенин айтып, жооп кайтарган.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 24-25-февралда Москвага алгачкы иш сапар менен барды. Анда Орусиянын президенти Путин жана бир катар жогорку даражалуу адамдар менен жолукту.

Президенттин басма сөз кызматы бул жолугушууда бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлганы тууралуу маалыматты 26-февралда берди. (ST)

XS
SM
MD
LG