Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Казакбаев-Лавров жолугушуусу: Кыргызстандын аймагында пилотсуз аппараттар учурулат


Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров.
Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-февралда Москвада кесиптеши Сергей Лавров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жаатында бир катар документтерге кол койду.

Кол коюлган келишимдердин катарында Кыргызстанда товарларды аныктап, маркировкалоо системасын түзүү максатында Орусия техникалык жабдуу иретинде жардам көрсөтүү да бар.

Казакбаев менен Лавров кол койгон документтердин ичинде ошондой эле эки мамлекеттин Коргоо министрликтеринин макулдашуусу менен Кыргызстандын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча протокол маанилүү.

Мындан тышкары 2021-2025-жылдары коргоо мекемелеринин стратегиялык өнүгүүсү, ошондой эле, айыл чарба продукцияларын ташып-жеткирүү жаатында документтерге кол коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгын кенен талкуулашты.

Эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдар алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын сөз кылышып, COVID-19 пандемиясынын жайылышын токтотуу да каралды.

24-25-февралда президент Садыр Жапаров баш болгон өкмөттүн бир нече мүчөсү Москвага барып келди. (BCh)

XS
SM
MD
LG