Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Мишустин кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын ишин оң баалады


Садыр Жапаров жана Михаил Мишустин.
Садыр Жапаров жана Михаил Мишустин.

Орусия өкмөтү пандемия маалында солгундап кеткен кыргыз-орус соода кызматташтыгын мурдагы калыбына келтирүүгө кызыкдар. Бул тууралуу 25-февралда Москвада иш сапары менен жүргөн кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.

Ал өз сөзүндө ортодогу мамилени бекемдөө үчүн биргелешкен аракет зарыл экенин белгилеп, өкмөт аралык комиссиянын, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишин позитивдүү деп баалады.

Садыр Жапаров Орусиянын өкмөтү көрсөтүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнү жалпы маданият жана тарых гана эмес, саясий жана соода-экономикалык алака да байланыштырып турарын айтты.

Президент болуп быйыл 10-январда шайланган Жапаров Орусияга иш сапары менен 24-февралда барды. Ошол эле күнү ал орус президенти Владимир Путин, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен, андан кийин бул өлкөдө жашаган мекендештер менен жолугушту.

Былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд. 257 млн. доллардан ашкан.

Жыл аягында Орусия Кыргызстандын өкмөтүнө элдин айлыгын жана пенсиясын төлөөгө 20 миллион доллар бөлүп берерин жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG