Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Садыр Жапаровдун Москва визити аяктады


Садыр Жапаровдун мекендештер менен жолугушуусу. 2021-жылдын 25-февралы
Садыр Жапаровдун мекендештер менен жолугушуусу. 2021-жылдын 25-февралы

Президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган визити аяктады. "Иш сапар жемиштүү жана пайдалуу болду", деп «Азаттыкка» маалымдады президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек .

«Сапардын ар бир мүнөтү алдын ала пландалып, жазылган эле. Баары план боюнча болду. Бир да мүнөт убакыт (текке) корогон жок».

Иш сапар учурунда Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин, өкмөт башчысы, парламенттин төрага, төрайымы, өндүрүш компанияларанын жетекчилери, Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары, диаспора өкүлдөрү менен жолугуп, бир катар маселелер талкууланды.

25-февралда Садыр Жапаров орусиялык бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Кыргызстандын экономикалык келечеги, жаңы долбоорлор тууралуу баяндап, ишкерлерди кызматташууга чакырды. Жолугушуу суроо-жооп форматында болду. Ага Орусиянын кырктан ашуун ири компанияларынын жетекчилери катышты. «Ренова», «Сколково», «Сколтех», «Орус темир жолдору», «Газпром нефть» баштаган мунай, дары чыгаруучу, курулуш, машина куруу тармагындагы бир катар чоң ишканалардын директорлору келишти.

Иш сапардын соңунда Президент Садыр Жапаров Москвадагы белгисиз жоокердин айкелине гүл чамбар койду.

Садыр Жапаровдун 24-25-февралдагы Москвага баруусу анын президенттикке шайлангандагы алгачкы чет өлкөгө чыгышы болуп калды.

Жапаров 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG