Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Орусия Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга 623 млн. рубл жардам берет


«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары. (Иллюстрациялык сүрөт. Архив).
«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары. (Иллюстрациялык сүрөт. Архив).

Орусиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Кыргызстандын вице-премьер-министри, Финансы жана экономика министри Улукбек Кармышаков менен Кыргызстанда товарды маркировкалоо системасын түзүүгө жардам берүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койду. Бул тууралуу Орусиянын Өнөр жай жана соода министрилигин сайтында жазылды.

Андагы маалыматка караганда 2019-жылы Кыргызстан Орусиядан техникалык жардам берүүнү суранган. Долбоорду ишке ашыруу 2020-жылы декабрда макулдашылган. Анын жыйынтыгында Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз 623 млн. рубл жардам бермей болду. Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров товарды маркировкалоо системасын жолго салуу менен көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.

2020-жылы ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли болжол менен 130 миллиард сомду же ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзөрүн билдирген.

Президент болуп быйыл 10-январда шайланган Садыр Жапаров Орусияга иш сапар менен 24-февралда барды. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бийлик өкүлдөрү, ишкерлер менен жолугушту. Жапаров орусиялык ири бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өлкөдөгү келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, активдүү кызматташууга чакырды.

Орусия Кыргызстандын негизги саясий да, экономикалык да өнөктөштөрүнүн бири. Былтыр эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. 257 млн. доллардан ашкан. Кыргызстан Орусия демилгелеген Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. (TSh)

XS
SM
MD
LG