Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Нарында соцкызматкерлер зомбулук боюнча эки фактыны аныкташты


Нарын шаардык мэриясы тараткан сүрөт.
Нарын шаардык мэриясы тараткан сүрөт.

Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тийиштүү органдар менен биргеликте шаардагы 8133 үйдү кыдырып, 158 мигранттын баладарын каттоого алып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча эки фактыны аныкташты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ырайымсыз мамилеге кабылган балдар аныкталган жок. Документи жок үч өспүрүм катталды.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Жыл башынан бери өлкөдө бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG