Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Момбеков: Кумтөр боюнча комиссия түзүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшү азаюуда


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн жаңы комиссия буга чейинки келишимдердин баарын толук изилдеп чыгышы керек деп эсептейт. 25-февралда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Момбеков изилдөөнү 1992-жылдагы келишимден баштоо керектигин айтты жана өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, комиссия түзүүнүн зарылчылыгы да суроо жаратарын белгиледи:

“Кумтөр боюнча канча комиссия түзүлдү. Бирок комиссия түзүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшү азайып жатат. 67 пайыздан 26 пайызга түштү. Анда комиссия түзүүнүн канчалык кажети бар эле эгер биз үлүшүбүздүн баарын алдырып жатсак. Ар бир комиссия мурункусунун ишин иликтемиш болуп эле жаап жатса бул модага, соодага айланып кетип… Өкмөттүн Кумтөр боюнча 1992-жылдан баштап келишимдеринин толук көчүрмөсүн бериңиз”.

Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия 17-февралда «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунушу менен түзүлгөн. Фракция өз сунушун жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздеген. Кийин бул комиссияга мамлекеттик деген макам берүү тууралуу сунуш айтылган

Кумтөр боюнча депутаттык жана мамлекеттик комиссиялар буга чейин да түзүлүп келген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG