Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Жапаров “Мекенчил” партиясы парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго катышпай турганын билдирди


Садыр Жапаров. Орусия Федерациясы. Москва шаары, 2021-жылдын 24-февралы
Садыр Жапаров. Орусия Федерациясы. Москва шаары, 2021-жылдын 24-февралы

Президент Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясы Бишкек шаардык кеңеш менен катар парламенттик шайлоого да катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 24-февралда Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуу учурунда айтты.

Жапаров буга чейинки элдик толкундоолор шайлоолордун ыпылас өткөнүнөн улам болгонун белгилеп, ушундай чечим кабыл алынганын айтты.

“Административдик ресурс колдонулду деген сөздөн алыс бололу, мурункулардын катасын кайталабайлы дегендиктен ("Мекенчил" партиясы - ред.) катышпайт деп чечтим. Парламенттик шайлоого да катыштырбайбыз. Мындан ары шайлоолор таза болот. Административдик ресурс колдонулбайт, сатып алуу да болбойт. Жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтөт”, - деди Жапаров.

Былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо саясатчы Камчыбек Ташиев жетектеген «Мекенчил» партиясы быйыл 11-апрелге өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай турганы жакында белгилүү болгон. Партияга буга чейин президент Садыр Жапаров да мүчө болгон.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG