Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Мукамбетованын кармалышы, журналисттердин этикасы


Алдын ала белгиленген банкноттор. Бишкек. 22-февраль, 2021-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).
Алдын ала белгиленген банкноттор. Бишкек. 22-февраль, 2021-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).

“Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова “Опузалап талап кылуу” беренесине шек саналып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөгү маалымат агенттиктердин биринин жетекчиси 22-февралда 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын өкүлү агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча шек саналып жатканын билдирди.

«Кармалган айым агенттиктин сайтындагы тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Тасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган», - деди атайын кызматтын өкүлү.

Атайын кызмат шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө башталганын кабарлаган. Макала жазылып бүткөн учурда, 24-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Мукамбетованын бөгөт чарасын карап, 23-апрелге чейин үй камагына чыгарганы маалым болду. Бул тууралуу соттон маалымдашты.

“Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчисинин жакындары Үмүт Мукамбетова эч кимден акча талап кылбаганын ырастап жатышат.

Мукамбетованын кызы Раяна Бегалиева атайын кызматка апасына каршы арыз жазган адам доосунан баш тартып жатканын билдирди.

«Биз менен Аскар деген байланышты. Анын жеке таарынычы болгон экен, анан ушундай жолго барыптыр. Азыр ал абдан өкүнүп жатканын айтып, "ушундай абалга түшүп каларын күткөн эмесмин" деп жатат. Азыр Мукамбетовадан кечирим сурап, "айткандарымды төгүндөп жана доодон баш тартам" деди. Ал эч кандай акча талап кылуу болгон эмес деп айтып жатат».

Бегалиеванын айтымында, арыз жазган Аскар менен апасы Үмүт Мукамбетова мурдатан тааныш болчу жана сайтка маалымат чыгарып берүү үчүн кайрылган. Мукамбетованын кызы арызданган адамдын видеосу сайттан мурда эле өчүрүлгөнүн кошумчалады.

Интернетте тараган видеонун чоо-жайы

“Кабарлар” маалымат агенттиги жайгаштырган видео oppa.kg сайтынан алынган. Анда Бишкек көчөлөрүнүн биринде патрулдук милиция менен айдоочунун чыры тартылган. Ал тасмада айдоочу өз телефонуна видео жаздырып, президент Садыр Жапаровго кайрылганы тартылган. Видеодогу айдоочунун президентке кайрылган үзүндүсү Интернетке кеңири тарап кетти.


Видеонун автору, журналист Нурис Алымбаевдин сөзүнө караганда айдоочу өзүн Аскар Абдрашитов деп тааныштырып, мамлекеттик органда иштерин билдирген. Мукамбетова кармалгандан кийин Алымбаев буларды айтты.

«Акча сунуштады, жакшы кызматтамын деп, кызматташууну сунуш кылды. Теле-радиолорду көзөмөлдөгөн органда иштей турганын айткан. Мен макул болбой, бир жумадан кийин материалды чыгардым. Материал чыккандан кийин да “ыраазы кылам” деп жазды. Болбой койсом каргап жазыптыр», - деди Алымбаев.

Журналисттин үстүнөн арыз жазган киши менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Үмүт Мукамбетова негиздеген “Кабарлар” сайтынын иштеп жатканына он жылдай болду. Сайттын "YouTube" каналында 71 миң катталуучусу бар. Ал жакта саясий окуяларга байланыштуу ар кандай видеолор жана саясатчылар менен маектер жайгаштырылат.

“Кабарлар” сайтындагы маалыматка ылайык Үмүт Мукамбетова «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алган.

Журналистика: маалыматтык “кызматтын” сый акысы

Журналисттин кылмышка шек саналышы медиа чөйрөдө сөз эркиндиги менен кошо журналистиканы жамынган жеке кызыкчылыктар жөнүндө теманы козгоп, эки ача пикир жаратты.

Айрымдар журналистикага жамынып, "жең ичинен соодалашкандарга" ушул сыяктуу окуялар сабак болорун айтса, кээ бири күнөөсү далилдене электе камакка алууну сөз эркиндигине кысым катары баалап жатышат.

Журналист Назгүл Мамытова мындай деди:

«Бийлик же УКМК бир журналистти камап коюу менен башка журналисттерге сес көрсөтүп, коркутуп коёлу деген максатты көздөштү окшойт».


Коомдук ишмер Олжобай Шакирдин баамында, соңку 10 жылдын ичинде кыргыз журналистикасында кайсы бир маалыматты жазып же өчүрүп, ал кызматы үчүн жең ичинен пайда тапкан топтор пайда болгон.

«Кызыл кулактык, опузалоо кыргыз журналистикасында кадыресе көрүнүш болуп калганы - коомдун трагедиясы. Бул - журналистиканын арты менен чайкоочулук кылып жүргөн шылуундук. Муну эркин журналисттер өздөрү айыптап чыгышы керек. Ашкере кылмайын бул адат токтобойт», - деди.

Кыргызстан журналисттеринин этика кодексинин 3-беренесине ылайык "журналист жеке максатын көздөп кызмат абалынан кыянат пайдаланышына, материалдарды даярдаганы, маалыматты жашырганы же бурмалаганы үчүн белек, акча же башка сыйлыктарга ээ болушуна, өзгөчө сый менен тейленишине жол берилбейт".

23 беренеден турган кодекс 2007-жылдын 8-декабрында журналисттердин Республикалык курултайында кабыл алынган. 2009-2012-2018-жылдары өткөн курултайларда кодекске толуктоолор киргизилген.

Журналисттердин этика кодекси Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин адистигине карабастан, алардын этикалык жана кесиптик иш стандарттарын калыптандыруу, журналистиканын кесиптик деңгээлин көтөрүү, ошондой эле коомдун маалымат каражаттарына ишенимин жана сый мамилесин сактоону көздөйт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG