Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:21

УКМК экс-депутат Шадиев боюнча АКШ элчилигине кайрылды


Аскар Шадиев. ЖКнын бир нече жолку чакырылыштарынын экс-депутаты, мурдагы министр.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“25-февралда УКМК АКШда жашырынып жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Шадиевге карата Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШ элчилигине ырасмий түрдө кайрылды”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат Шадиевге карата Жазык кодексинин 215-беренеси (“Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын, ага Интерпол аркылуу издөө жарыяланганын белгиледи.

Аскарбек Шадиев – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен аны күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Шадиевге кылмыш ишинин козголушу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Шадиев 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, андан ары АКШга качып кеткени белгилүү болгон.

2020-жылы июнь айларында ошол кездеги Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте 2019-жылдагы отчету тууралуу маалымат берип жатып Аскарбек Шадиев боюнча АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG