Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Кыйноого кабылган жаранга мамлекет 50 миң сом кенемте төлөп бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 38 жаштагы Улан Назаралиевдин милициянын кыйноосуна кабылганына байланыштуу доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, мамлекет ага 50 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берсин деген чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Назаралиевдин адвокаты Сардорбек Абдухалилов кабарлады:

"2012-жылдын 6-ноябрында Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүндө кармалып турган жарандарга карата кыйноо болгон. Тилекке каршы прокуратура органдары текшерүүдөн кийин кылмыш ишин ачуудан баш тарткан. 2019-жылдын июль айында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети Улан Назаралиевдин укугу бузулуп, кыйноого кабылганы тууралуу чечим чыгарган".

Бул чечимден кийин Жалал-Абаддагы адам укугун коргоочу "Справедливость" аттуу бейөкмөт уюмдун жардамы менен Назаралиев Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук прокуратурасына доо арыз менен кайрылган.

Адвокаттар Назаралиевдин ден соолугуна жана психикасына милиция кызматкерлери келтирген зыяндан улам мамлекеттен үч миллион сомдук кенемте талап кылган.

Сот доо арызды жарым-жартылай канааттандырды. Адвокаттар эми жогорку инстанцияга кайрыларын билдирип жатышат.

Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин жабык жайларда адамдарга карата кыйноолорду болтурбоо үчүн келишимдерине кол койгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG