Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Мукамбетованын жакындары ал эч кимден акча талап кылбаганын билдирүүдө


Алдын ала белгиленген банкноталар. Бишкек. 2021-жылдын 22-февралы. (Сүрөт УКМКга таандык).
Алдын ала белгиленген банкноталар. Бишкек. 2021-жылдын 22-февралы. (Сүрөт УКМКга таандык).

“Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова эч кимден акча талап кылбаганын анын кызы Раяна Бегалиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда апасына каршы атайын кызматка арыз жазган киши доосунан баш тартарын айткан.

“Биз менен Аскар деген байланышты. Анын жеке таарынычы болгон экен. Ошол себептен ушундай жолго барыптыр. Азыр ал абдан өкүнүп жатканын жана ушундай абалга түшүп калаарын күтпөгөнүн айтып жатат. Эми апамдан кечирим сурап, айткандарын төгүндөп жана доодон баш тартарын айтты. Ал да "эч кандай акча талап кылуу болгон эмес" деп айтып жатат”, - деди Бегалиева.

Бегалиева арыз жазган Аскар аттуу жаран менен апасы Үмүт Мукамбетова мурдатан тааныш болгонун жана сайтка маалымат чыгарып берүү үчүн кайрылганын, арызданган жарандын видеосу сайттан мурда эле өчүрүлгөнүн кошумчалады.

22-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөгү маалымат агенттиктердин биринин жетекчиси М. Ү. К. 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Мекеме агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектелип жатканын маалымдаган.

Маалыматта: "Кармалган айым агенттиктин сайтындагы видео тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Тасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган", - деп жазылган.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

"Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчисинин үстүнөн УКМКга кайрылган доогер менен байланышууга мүмкүн болгон жок.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG