Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Камчы Көлбаевдин бөгөт чарасы узартылды


Камчыбек Көлбаев кармалган учур. Бишкек. 2020-жылдын 22-октябры
Камчыбек Көлбаев кармалган учур. Бишкек. 2020-жылдын 22-октябры

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы чечими менен Камчыбек Асанбектин (Камчыбек Көлбаев) бөгөт чарасы 22-мартка чейин узартылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 24-февралда маалымдады.

Сот чечимине ылайык Көлбаев №47 абакта кармалат.

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 23-октябрдагы чечими менен ал тергөө бүткөнчө камакка алынып, УКМКнын убактылуу абак жайына киргизилген.

5-ноябрда Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.

11-ноябрда социалдык тармактарда N47 абакта футболдук аянтчада жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы тартылган тасма тараган. Андан Камчыбек Көлбаевди, ырдап жаткан кишини көрүүгө болот. Бул иш-чара 5-ноябрь күнү Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган.

Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул тасма боюнча түшүндүрмө берип, 5-ноябрда «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш жана менюга ылайык футбол аянтчасында соттолуучуларга тамак берилгенин кабарлаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевди эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары "кара тизмеге" киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG