Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Президенттин Москвага иш сапарында газды арзандатуу көтөрүлөт


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаровдун Орусиянын баш калаасы Москвага 2 күндүк ырасмий иш сапары башталат.

Иш сапардын алгачкы күнү Жапаров орус президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Ырасмий Бишкек да, Москва да жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий алакадан тартып, соода-экономика, маданий жааттагы карым-катнаш, ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык биригүү сыяктуу маселелерге чейин сөз болорун жарыялады.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Азаттыкка" жолугушууларда газдын баасын арзандатуу маселеси жана гранттык каражаттар караларын айтты:

"Буга чейин Орусия 20 миллион доллар бөлүп берген. Буга кошумча жардам боюнча сөз болот. Ошондой эле Евразия өнүгүү фондунан 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт".

Мындан сырткары Жапаров орус өкмөтү жана парламентинин жетекчилери менен жүз көрүшүп, Орусияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө кездешет.

Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаров алгачкы чет элдик сапарын Орусиядан баштай турганын ант берип, кызматка киришкенге чейин эле жарыялаган.

Москва сапарынын камылгасын Бишкектеги орус элчиси менен президент өзү талкуулап, коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерди сактоо үчүн 10 күн обочодо иштөөгө өткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG