Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Арменияда оппозициянын каршылык акциясында бир нече киши кармалды


Армениянын баш калаасындагы абал.
Армениянын баш калаасындагы абал.

Ереванда 23-февралда миңдеген адамдар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.

Акцияны "Мекенди куткаруу кыймылы" баштаган бир нече оппозициялык маанайдагы топтор уюштурду. Митингге чыккандардын элүүдөйүн полиция кармап кеткени кабарланууда.

Армениядагы каршылык акциялары 2020-жылдын ноябрынан бери уланууда.

Буга Никол Пашиняндын Азербайжан менен ок атышпоо боюнча Орусия ортомчулук кылып кол койгон тынчтык келишими себеп болууда.

Үч миллион калкы бар Армениянын Азербайжан менен Тоолуу Карабакка байланыштуу чыры 1990-жылдардан бери уланып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG