Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Жапаровдун Москва сапары: Саясат, экономика, вакцина


24-25-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада расмий сапарда болот. Бул бир ай мурда кызматка киришкен мамлекет башчынын алгачкы эл аралык сапары. Бишкек Орусияга карата мурдагы саясатты уланткысы келеби?

Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаров алгачкы чет элдик сапарын Орусиядан баштай тургандыгын ант берип, кызматка киришкенге чейин эле жарыялаган. Москва сапарынын камылгасын Бишкектеги орус элчиси менен президент өзү талкуулап, коронавирус алааматы кырдаалында санитардык эрежелерди сактоо үчүн 10 күн обочодо иштөөгө өттү.

Мындан сырткары Жапаров өкмөттүк “Слово Кыргызстана” гезитине макала жарыялап, Кыргызстанда орус тилинин макамына байланыштуу маселе жок деп ачык ишаара кылды.

Сапар алдында беш айдан бери бош турган Кыргызстандын Орусиядагы элчиси дайындалып, бир кезде Кыргызстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясын жетектеген, соңку учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген Гүлнара Клара-Самат Москвага элчи катары аттанды.

Сапарда кандай келишимге кол коюлат?

Эки күндүк сапардын алгачкы күнү Жапаров орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Расмий Бишкек да, Москва да жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий алакадан тартып, соода-экономика, маданий жааттагы карым-катнаш, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык биригүү сыяктуу маселелерге чейин сөз болорун жарыялады.

Мындан сырткары Жапаров орус өкмөтү жана парламентинин жетекчилери менен жүз көрүшүп, Орусияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө кездешет.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев сапар алдында “Азаттык” радиосуна курган маегинде Москвада саясий жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурула тургандыгын баса белгиледи:

«Тагыраак айтсак, экономикалык алаканы күчөтүү боюнча сүйлөшүү өтөт. Мисалы, коронавируска каршы күрөш жаатында Орусия өндүргөн "Спутник V" жана башка вакциналарды алуу боюнча сүйлөшүү болот. Буга чейин 500 миң доза алуу жөнүндө сөз болгон, ошол маселе визиттин алкагында толугу менен чечилет деп ойлойм. Мындан сырткары Кыргызстанга гранттык жардам боюнча маселе бар. Буга чейин Орусия 20 миллион доллар бөлүп берген. Буга кошумча жардам боюнча сөз болот. Ошондой эле Евразия өнүгүү фондунан 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт».

Казакбаев: "РусГидро" боюнча маселе көтөрүлөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00
Түз линк

Министр Казакбаев орус газынын баасын арзандатуу, мигранттардын шарттарын жеңилдетүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрөт деп айтты. Отун-кубат, унаа байланышы жана инфратүзүмдүк ири долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз боло тургандыгын да министр кошумчалады.

Мындан сырткары эки өлкө ортосундагы аба жолдору каттамдарын көбөйтүү, орусиялык банктардын бөлүмдөрүн Кыргызстанда ачуу боюнча чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Кыргыз-орус алакасынын абалы кандай?

Министр Казакбаев Москва-Бишкек мамилесин абдан жогорку деңгээлде деп баалап, жаңы президент аны мындан дагы бекемдейт деген ишенимде.

Ушул тапта "Жапаров орус бийлиги менен кандай мамиле курат?" деген суроо кызыгуу жаратууда. Адистер белгилегендей, акыркы жылдары Бишкек көп векторлуу тышкы саясат жүргүзгөнүн айтканы менен жалпысынан Москвага ыктаган дипломатияга басым жасады.

Орусия Кыргызстандын негизги саясий да, экономикалык да өнөктөштөрүнүн бири. Былтыр пандемия күч алганда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд. 257 млн. доллардан ашкан.

Соңку жылдары Кыргызстан менен товар жүгүртүүдө Кытай алдыңкы орунга чыкса да, Орусия негизги стратегиялык товар менен камсыздайт.

Тагыраагы, Кыргызстан газ, мунай затын Москвадан сатып алат. Бирдиктүү бажы базары Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Мындан сырткары Орусия Кыргызстандын аскердик тармактагы башкы өнөктөшү.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Кыргызстандын Кант шаарында Орусиянын аскер базасы жайгашкан. Бул аскердик база өлкө аймагындагы бирден бир чет өлкөлүк аскер жайы болуп саналат.

Эки жыл мурда Путиндин мамлекеттик сапары учурунда расмий Бишкек Орусиянын бирдиктүү базасынын аймагын 58 гектарга кеңейтүүгө макул болгон.

Буларга кошумча, Кыргызстандын 600 миңден 1 миллионго чейинки жараны Орусияда иштеп жүрөт. Дал ушул жагдайларды эске алган кыргыз бийлиги Москва менен мамилени жакшыртууга кызыкдар.

Бирок тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, саясатчы Аскар Бешимов соңку жылдары кыргыз-орус кызматташтыгы бир-эки тармак менен гана чектелип калганын белгилейт:

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

«Биринчиси - жардам бергиле, насыя, грант бере аласыңарбы, пандемия маалында кандай колдоо көрсөтөсүңөр? деген суроо болсо, экинчиси - биздин четтеги мекендештерге шарт түзүп бере аласыңарбы? деген өтүнүч менен күн тартибин абдан кыскартып салганбыз. Башка маселелерди сүйлөшпөй калдык. Бул Жапаровдун биринчи визити, бет ачаар сапары. Анда буга чейинки президенттер жүргүзгөн саясат уланабы же уланбайбы? деген суроо боюнча талкуу болот».

Дал ушундай кырдаалда адистер бул сапарда Кремль жаңы кыргыз лидеринин таамырын тартып байкап көрүүгө далаалат кыла тургандыгын белгилешет.

Албетте, Садыр Жапаров да өзүнүн бийлиги үчүн азыркы Кремлдин тамырын тартып келмекчи.

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков азыркы сапар Жапаровдун Орусиянын жетекчилиги менен мамилесин жөнгө салуу үчүн маанилүү экенин айтууда.

Темирлан Султанбеков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Темирлан Султанбеков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

«Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековду президент боло элек кезинде эле Москвада билишчү. Жапаров менен алгач жолу ушундай кырдаал болуп жатат. Кыргызстандын жаңы шайланган президенти орус элитасына бейтааныш адам. Ал кишиге Москвада ар кандай көз караштар болушу мүмкүн, бирок бүтүн, калыптанган көз караш жок деп ойлойм».

Ошол эле кезде Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын эске алганда, дароо эле башы ачылбай турган маселелер да бар.

Маселен, буга чейин Москва менен биргеликте курула тургандыгы пландалган “Камбар-Ата-1" ГЭСи жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскады боюнча энергетикалык долбоорлордун башы алигиче ачыла элек.

Учурдагы бийлик өкүлдөрү бул жаатта конкреттүү маалымат беришпестен, жалпысынан ири долбоорлор боюнча сүйлөшүү жүрө турганын гана жарыялады.

Мындан сырткары Путиндин Бишкекке келген соңку сапарында "Кыргызмунайгаз" жана "Кыргызтемир жолу" ишканалары боюнча Орусия менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу жөнүндө сөз болгону айтылганы менен анын кандай жагдайда ишке аша тургандыгы азырынча белгисиз.

Кыргыз президентинин Москвага сапары Орусиянын Батыш менен мамилеси өто солгун тартып турган маалга туш келди.

Оппозициясыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Евробиримдик Орусияга жаңы санкцияларды киргизип жатат. Дал ушундай шартта Орусия пост-советтик чөлкөмдөгү таасирин күчөтүүгө өзгөчө маани берип жатканын адистер белгилешет.

Дипломат Аскар Бешимов акыркы сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын жаңы президентинин башка мамлекеттер менен мамилеси Кремлде сөз болушу мүмкүн деп болжолдоодо.

Дагы бир жагдай – президент Жапаров бир кезде абакта жаткан жеринен элдик ыңкылаптын (аны "элдик толкундоо" деп жумшартып да айтып келишет) шарапаты менен боштондукка чыкты жана атаандаш негиздеги шайлоонун жыйынтыгында мамлекет башчы болуп калды.

Ал эми Владимир Путин "түстүү ыңкылаптарды" жек көрөт, бирок Орусиянын геосаясаттагы турумун сактоо үчүн ал, бир жагынан, Лукашенко сыяктуу жетекчилерди, экинчи жагынан, ыңкылаптан кийин бийликке келген жаңы лидерлерди да өз бооруна тартууга аргасыз. ​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG