Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Бирдиктүү салык декларациясын 1-мартка чейин тапшыруу керек


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясы 1-мартка чейин толук тапшырылышы керек.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Күндүз салык декларациясын тапшырууга убакыт таппагандар үчүн салык кызматында кабыл алуулар дем алыш күндөрү түнкү саат 24:00го чейин уланат.

1-мартка чейин өлкөдөгү бардык юридикалык уюмдар, дыйкан чарбалар, эл аралык уюмдар, Кыргызстанда иш алып барган чет элдик фирмалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик, муниципиалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер жана патенттик негизде иштегендер, атуулдар, автоунаасы барлар, кыймылсыз мүлк ээлери салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. (BCh)

XS
SM
MD
LG