Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Ысык-Атада өгөй баласын сабоого шек саналган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Атада өгөй баласын сабоого шек саналган жаран кармалды.

Беш жаштагы баласын өгөй атасы сабаганы тууралуу арыз менен милицияга баланын апасы кайрылган.

Окуя 22-февралда, саат 21:00 чамасында болгон. Аялдын айтымында, ал күйөөсү менен телефон аркылуу уруша кеткен. Мындан кийин анын телефонуна уулунун таяк жегени тартылган видео тасма келген.

Милиция арыздын негизинде 33 жаштагы тургунду кармаган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, сабалган бала аялдын мурдагы никесинен. Баланы урган күйөөсү менен жарандык никеде жашап, бир балалуу болгон.

Жубайлар Лебединовка айылындагы автоунаа жуучу жайда чогуу иштеп жүрүшкөн.

Балага кол көтөрдү деген кине менен кармалган жаран Ысык-Ата райондук ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сабалган бала медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин апасына берилген. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG