Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Шыкмаматов Москвадагы "Кыргызстан" павильонунун иши менен таанышты


Алманбет Шыкмаматов (солдо) жана Омар Муртузалиев (оңдо). Москва шаары. 2021-жылдын 23-февралы
Алманбет Шыкмаматов (солдо) жана Омар Муртузалиев (оңдо). Москва шаары. 2021-жылдын 23-февралы

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов 23-февралда Орусияга иш сапар менен барды.

Анын алкагында Шыкмаматов Москвадагы "Кыргызстан" павильонунун иши менен таанышты.

Мындан тышкары павильон жайгашкан "Москва" жармаңке-көргөзмө комплексинин башчысы Омар Муртузалиев менен жолугушуп, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусиянын базарларына кеңири чыгаруу маселесин талкуулады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, Омар Муртузалиев жармаңке-көргөзмө комплексинин аймагында кыргызстандык ишкерлер үчүн өз товарын сатууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Жолугушуунун аягында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен "Москва" комплексинин ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 24-25-февралда президент катары Орусияга алгачкы жолу визит менен бара турганы кабарланган.

Сапар учурунда Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Андан тышкары Кыргызстандын президенти Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушары күтүлүүдө.

Президент Жапаров ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, Орусиядагы кыргызстандыктар жана студенттер менен да жолугушмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG