Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Германияда тажик блогерлери мушташты


Сулаймон Орзуев , Музаффар Давлатов, Шерзод Мамажанов.
Сулаймон Орзуев , Музаффар Давлатов, Шерзод Мамажанов.

Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагындагы Зост шаарынын полициясы сегиз тажикстандыкка бири-бири менен жолугууга тыюу салды. Алардын мушташы ок атышуу менен коштолгон.

Дүйшөмбү бул окуяга тиешеси бар тажикстандыктар "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөлөрү деген маалымат таратты.

"Борода.tj" деген ат менен таанылган тажик блогери Музаффар Давлатов "YouTube" колдонуучуларына немис полициясы ага атаандашы жашаган жерге баруугa тыюу салганын, эгер бул эрежени бузса, төрт жылга чейин эркинен ажыратыларын айтты.

«Төртөөбүзгө полиция биздин оппоненттер жашаган аймактарга барбайсыңар деген баракча берип кетти. Болбосо төрт жылга чейин жоопко тартылышыбыз мүмкүн экен», - деди Давлатов.

Германиядагы мушташка катышкан дагы бир тажикстандык Шерзод Мамажанов 21-февралда "Азаттык" радиосунун тажик кызматына курган маегинде Музаффар Давлатовдун жашаган жерине барууга тыюу салынганын ага жергиликтүү полиция оозеки эскерткенин айтты.

Тажик жигиттер 17-февралда Зост шаарында мушташып, аягында куралдан ок атылган. Анда Музаффар Давлатов моюнунан жана колунан жараат алган.

Ал эми блогерлер Шерзод Мамаджонов жана Сулаймон Орзуев баш болгон тажикстандык үч блогер полиция бөлүмүнө жеткирилген. Сурактан көп өтпөй немис полициясы блогерлерди бошоткон, бирок тергөө бүтө элек.

Давлатов менен Орзуев мушташтын чыгышына бири-бирин айыптап жатат. Давлатов ага кол салган мекендештери Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөлөрү экенин жана анын көзүн тазалагысы келгендигин айтты. Ал эми Мамаджонов менен Орзуев мындай айыптарды караманча четке кагууда.

Мушташка эмне себеп болгон?

Чатак блогерлер ортосундагы пикир келишпестиктерден улам чыккан. Давлатов тарткан видеолорунда негизинен социалдык көйгөйлөрдү көрсөтөт. Ал эми анын оппоненттери саясий жана диний темаларды камтыган видеолорду таратышат.

Маалыматка караганда, жакында эле Тажикстанга барып келген Давлатов Дүйшөмбүдөгү өзгөрүүлөр жөнүндө видео тартып, өз шаарын Дубайга салыштырган.

Өз кезегинде Сулаймон Орзуев бул видеону сындап, блогер «элдин жакырчылыгын жана Тажикстандагы адам укуктарынын бузулуп жатканын» көрбөгөнүн айтып чыккан. Андан кийин алар Зост шаарында жолугуп, ортодо мушташ чыккан.

«Музаффар мага орой, уят сөздөр менен жооп жазды. Биз ошондо Зостко барып, аны менен бетме-бет сүйлөшөлү дедик. Кимдин туура, кимдин туура эмес экендигин билип алалы деп чечтик», - дейт Орзуев.

Эки тарап бул мушташты видеого тартып "YouTube" каналдарына коюшкан. Чатак айтыштан башталып, сөгүнүп, андан кийин ок атылганга чейин жетет. Ошол эле учурда алардын ичинен бирөө полицияга кабар берип жатканын көрсө болот.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода.
Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода.

Ал арада Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода 19-февралда Дүйшөмбүдөгү пресс-конференцияда Зост шаарындагы окуянын чоо-жайын сурап, Германиянын укук коргоо органдарына расмий кат менен кайрылганын билдирди.

«Мушташтын себеби Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын блогерлери менен Тажикстандагы өнүгүүлөр жөнүндө видео тарткан блогерлер ортосундагы пикир келишпестиктен улам келип чыккан», - деди Рахимзода.

Блогерлер партия мүчөлөрү эмес

Бирок "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жетекчилиги блогерлер партиянын мүчөсү эмес экенин, ал эми тажик бийлиги бул окуяны саясий оппоненттерине каршы колдонууга ниеттенип турганын билдирди.

«Интернетте блогерлер менен катар колдонуучулар да бар. Алар Тажикстандагы зомбулук жана адилетсиздикке каршы күрөшүүнү милдетим деп эсептешет. Алардын көпчүлүгүнүн "Ислам кайра жаралуу" партиясына эч кандай тиешеси жок. Биз үй-бүлөлүк байланыштар тигил же бул адамдын саясий партия менен болгон алакасына таасирин тийгизбейт деп белгилегибиз келет», - деп жазылат "Ислам кайра жаралуу" партиясынын билдирүүсүндө.

Орзуев менен Мамажонов "Азаттык" радиосунун тажик кызматына алар эч качан "Ислам кайра жаралуу" партиясына мүчө болушпаганын билдиришкен.

Тажикстан 2015-жылы өлкөдөгү «Тайпа 24» деп аталган оппозициялык топтун жана "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан соң жүздөгөн тажик жараны Европага качкын болуп кеткен. Алардын бир нечеси Германиядан баш калка тапкан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG