Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Рахмондун тактыны кантип тапшырары табышмак


Тажик президенти Эмомали Рахмон. 18-март, 2020-жыл.
Тажик президенти Эмомали Рахмон. 18-март, 2020-жыл.

Тажикстанда ушул күздө президенттик шайлоо өтөт. Буга байланыштуу ар түрдүү божомолдор көбөйдү.

Бул жолку шайлоонун башкы интригасы - Эмомали Рахмон өзү талапкер болуп чыгабы же уулун сүрөйбү деген суроо болууда.

Ушу тапта тажик президенти өлкө аймактарын катары менен кыдыра баштады.

Өткөн аптада ал Согди облусунан, андан мурдараак Хатлон облусунан кабар алып келген. Эми Тоолуу Бадахшанга сапар алганы турат. Расмий маалымат боюнча бул президенттин кадимки иш сапары. Кандай болгондо да саясат талдоочулар президенттин ар бир баскан-турганын келаткан шайлоо менен байланыштырып, даярдык катары баалашууда.

Айрым саясат талдоочулар күздөгү шайлоо алдында же шайлоодон кийин өлкөдө күтүүсүз саясий өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деп болжолдошот. Айрымдары тескерисинче, эч кандай өзгөрүү болбой турганын айтышууда.

Саясат талдоочу Абдумалик Кадыров шайлоо маалында саясий сахнага кимдер чыкпасын, азыркы президентке атаандаш боло албайт, демек эч кандай өзгөрүүнү күтүүнүн кереги жок деп эсептейт.

«Эки вариант бар: Рахмон президенттик кызматын улантууну каалап, өзү талапкер болушу мүмкүн же уулун түртүп, өзү «Улут лидери» деген даражасы менен кала берет. Биринчи вариантта да, экинчи вариантта да президенттик шайлоого кол бала атаандаштар гана катышат», - деди ал.

Каржылык чоң ресурстун жоктугунан улам оппозициялык партиянын лидерлери жалындуу чакырыктарга карабай бул шайлоодо жарыткан атаандаштыкты камсыз кыла албай турганы айтылууда.

Май айынын аягында ТСДП партиясынын лидери Рахматилло Зойиров өлкө президентин шайлоо тууралуу мыйзамга ачык- айкындуулукту камсыздоо, добуш берүүгө мигранттарды катыштыруу сыяктуу 16 өзгөртүүнү сунуш кылган. Бирок расмий бийлик бул кайрылууга жооп бере элек.

Өлкөдөгү «Демократиялык партия», «Агрардык партия», «Социалисттик партия», «Экономикалык реформалар партиясы» жана «Коммунисттик партия» парламенттик шайлоодон кийин ишин басаңдаткан бойдон дымып жатат. Алар келаткан президенттик шайлоо тууралуу эч кандай пикирин билдире элек.

Азырынча ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы (ТИКЖП) гана бийликти Интернетте ачык сындап келет. Бул уюм соңку айларда өкмөттүн коронавирус менен күрөшүү саясаты жана президенттин туугандары тууралуу видео маалыматтарды такай тарата баштады.

Ошол эле учурда Тажикстандагы мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу ТИКЖПны айыптаган материалдар да кеңири таратылууда. Тажикстандын улуттук биримдик күнү болгон 27-июнда да Рахмон ал партияны айыптап, алар менен тынчтык келишимге кол койбогонун баса белгилеген.

Тажикстандык журналист Раджаб Мирзо болсо Рахмондун планы тууралуу мындай божомолду айтты:

«Алдыдагы шайлоодо Эмомали Рахмон жеңип чыгып, өлкө эгемендигинин 30 жылдыгынан кийин кызматтан кетиши мүмкүн. Мамлекет башчынын бардык укук-милдеттери Рустам Эмомалиге өтүшү мүмкүн. Ал үч айдан кийин кайра шайлоо жарыялап, шайланып алса эмне тоскоол болот?»

Президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали 2020-жылдын апрель айынан тартып өлкөнүн парламентинин жогорку палатасын башкарып келатат. Баш мыйзам боюнча бул кызматтын ээси бийлик түзүмүндөгү экинчи адам болуп эсептелет.

Дүйшөмбүлүк дагы бир саясат таануучу атын атабоо шарты менен мындай божомолун ортого салды:

«Мураскер боюча жалпы стратегиялык багыт бар. Бийликти өткөрүп берүү - тек гана убакыттын маселеси. Менин оюмча, ал шашпайт. Бийликти өткөрүп берүүгө эң оңтойлуу, эң ыңгайлуу учурду күтөт».

Ал эми социал-демократтардын төрагасынын орун басары Шакиржан Хакимов азыркы президент кайрадан шайланат, анткени тышкы оюнчулар Тажикстандан Рахмондон башка альтернативаны көрбөй турат деген пикирде.

Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери бардык президенттик шайлоодо утуп келет. Тажикстан эгемендик алгандан бери бир да шайлоону эл аралык институттар таза өттү деп баалай элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG