Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Рахмон аймактарды аралай баштады


Тажикстан. Рудаки району. Президент Эмомали Рахмон дыйканчылык менен алектенген Усмановдордун үй-бүлөсүндө. 22-июль. 2020-жыл.
Тажикстан. Рудаки району. Президент Эмомали Рахмон дыйканчылык менен алектенген Усмановдордун үй-бүлөсүндө. 22-июль. 2020-жыл.

Тажик телеканалдарында оппозицияны жамандаган берүүлөр көбөйдү. Ошол эле учурда азыркы президентти даңазалаган көрсөтүүлөр кошулду.

Талдоочулар бул көрүнүштү «президент келаткан шайлоого даярдана баштады» деп баалашууда. Айрымдары тескерисинче, тажик президенти кошумча жарнамага муктаж эмес деп эсептешет.

Акыркы убакта Тажикстанда мамлекеттик маалымат каражаттары тажик оппозициясын каралаган берүүлөрдү кеңири чыгара баштады. Ал берүүлөрдө оппозицияны «жарандык согуш чыгарууга ниеттенип жатат» деп жаманатты кылуу кадимки көрүнүшкө айланган.

Ал эми президент Эмомали Рахмондун аймактарды кыдырышы эмоциялык боёктор менен шөкөттөлүүдө. Мисалы, Рахмон 22-июлда Гисар жана Рудаки райондоруна жумуш сапары менен барып, жергиликтүү дыйкандын үйүнө кирди. Маалымат каражаттарында президент дыйкан менен бир дасторкондо отуруп баарлашып атканы тартылган видео таратылды. Ал видеону социалдык тармактарда миңдеген адамдар жактырды. Буга чейин президент аймактарды кыдырганда жөнөкөй дыйкандардын үйүндө баарлашып отурганы көрсөтүлчү эмес. Журналист Азиз Накибзод мындай телематериалдар шайлоо алдындагы үгүткө мүнөздүү экенин эске салды:

«Ар кандай саясатчы шайлоо алдында өзүн элге жакын кылып көрсөтөт. Президенттин жумуш сапары жана анын жөнөкөй адамдар менен жолугушканы - алдын-ала ойлонулуп, пландалган иш-чара. Ошондуктан президенттин акыркы жүрүшү - аны элдик жетекчи кылып көрсөтүү аракети гана»​.

25-июлда президент Эмомали Рахмон уулу Рустам менен бирге Дангара районундагы талаада түшүм жыйнап аткан сүрөттөр жарыяланды. Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун талдоочусу Махди Собир президенттин акыркы жолугушуулары шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө тиешеси жок деп эсептейт.

«Тажикстандын президенти - ансыз деле элден чыккан жетекчи, - деди ал. - Ошондуктан Улут лидери наамын алды. Анын аймактарды кыдырышы - пландагы иш-чара. Ал иш-чаралардын президенттик шайлоого байланышы жок. Ал эми дыйкандар менен жолугуунун максаты - өлкөдө азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, дыйкандарды шыктандыруу».

Деген менен Тажикстандын эгемендик күнүнөн бир ай мурун жарандык согуш тууралуу материал жарыяланды. «Новый репортёр» сайтынын жазганына караганда ал берүүдө Эмомали Рахмон 1997-жылда жарандык согуш учурунда чечкиндүүлүк кылып жаткан кадрлар байма-бай көрсөтүлдү. Ошол эле учурда июнь айынан тартып жарандык согуштун уюштуруучусу катары Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын айыптаган үч сериялуу «Кыянат» аттуу көркөм фильм чыгарылды. Тажикстандын эгемендик күнүнөн бир күн мурун Эмомали Рахмондун ишмердүүлүгүн даңазалаган «Марди рох» («Жол арбыткан адам») аттуу фильм жарыкка чыкты. Журналист Азиз Накибзод бийликтин бул кадамдарын санап, бийлик өз позициясын бекемдөөгө аракеттенип жатат деген оюн ортого салды:

«Бизде жаап-жашырууга туура келген кемчиликтер көп. Мисалы, акыркы беш жылдан бери такыр эч нерсеге таасир эте албай калган оппозиция. Мындай кадам - бийликтин аброюн жакшыртуу, аны туруктуулуктун жана тынчтыктын булагы катары көрсөтүү аракети».

Ал эми эркин саясат таануучу Парвиз Молдожановдун пикиринде, тажик бийлигинин шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү идеологиялык, экономикалык жана саясий тутумдан турат. Анын жыйынтыгы шайлоо алдында гана белгилүү болот.

«​Ар кандай үгүт өнөктүгүнүн натыйжалуулугу элдин социалдык абалынан көз каранды, - деп түшүндүрдү ал. - Тагыраагы, элдин жашоо деңгээли жумушсуздук, элдин кирешеси жана башка көрсөткүчтөр менен ченелет. Ошондуктан эң мыкты үгүт – бул элдин жашоо деңгээлин көтөрүү. Негизи Тажикстанда үгүт өнөктүгүнүн өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй саясий маданияты, деңгээли калыптана элек. Ошондуктан бул өлкөдө дайым болуп келген саясий үгүт менен шайлоо алдындагы үгүттү айырмалоо мүмкүн эмес».

Тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали 6-августка эки палатаны жалпы жыйынга чакыруу тууралуу буйрукка кол койгон. Дал ошол жыйында президенттик шайлоо күнү белгиленери айтылууда.

Эмомали Рахмон 1994-жылдан берки төрт жолку президенттик шайлоого катышып, төртөөнү тең катары менен уткан. Бирок эл аралык байкоочулар Тажикстандагы шайлоолордун эч бирин таза өттү деп тааный элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG