Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:19

Тажикстанда купуя маалымат куралга айланды


Тажикстандын социал-демократтар партиясынын лидери Рахматилло Зоиров
Тажикстандын социал-демократтар партиясынын лидери Рахматилло Зоиров

Тажикстан социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү куугунтукка кабылып жатат.

Бул тууралуу партиянын лидери айтып чыгып, өлкөнүн Юстиция министрлигин "куугунтук жүргүзүп" жатканы үчүн күнөөлөдү. Бирок министрлик бул дооматты "негизсиз" деп атоодо.

Тажикстанда ар бир партия өз мүчөлөрү тууралуу маалыматты жыл сайын Юстиция министрлигине тапшырып турууга милдеттүү. Сөз мына ошол жабык маалыматтын ачыкка чыгып кеткендигинде болуп жатат. Тажикстан социал-демократиялык партиясынын лидери Рахматилло Заиров Юстиция министрлиги жашыруун маалыматты ИИМге берип койгон деп айыптады. Анын айтымында, купуя маалымат ИИМдин колуна түшкөндөн кийин партия мүчөлөрүн коркутуу, куугунтуктоо фактылары тез-тез каттала баштаган.

"Алар партия мүчөлөрүн мына ошол тизменин негизинде таап, куугунтуктап жатышат. Биз Юстиция министрлигине берген маалыматтардын көчүрмөсү участкалык милициянын колунда жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм", - деди Заиров.

Партия лидери куугунтукка кабылган саясий санаалаштарынын бир нечесин мисалга тартты.

"Партиянын Вахдат району боюнча төрагасын жумушунан да, жашаган жеринен да куугунтуктай берип чарчатышты. Социал-демократиялык партиянын Гарм районундагы активистин ойдон токулган кылмышка айыптап камашты. Аны араң чыгарып алдык. Биздин партиянын мүчөсү Бузурмехр Яров азыр түрмөдө отурат. Шухрат Кудратов бошонуп чыгып, Москвага кеткен. Гисар районунда абал өтө чатак. Биздин партиянын Гисарда жашаган мүчөсү Махмурод Одинаев өзүнүн активисттери менен бирге бир нече жылдан бери кысым көрүп келатышат", - деди партия лидери.

Бул билдирүүгө Тажикстандын юстиция министринин орун басары Асадулло Хакимзада 13-июндагы маалымат жыйында жооп берди. Хакимзада партия мүчөлөрү тууралуу маалыматтар ИИМге берилген деген дооматты четке какты.

"Саясий партиялар тууралуу жыл сайын келип түшкөн маалыматтар ички колдонууга жатат. Ал маалымат башка министрликтерге, ошонун ичинде ИИМге да берилбейт", - деген аткаминер бул тууралуу Юстиция министрлигине бир да арыз түшпөгөнүн айтты.

Тажик мыйзамдарына ылайык, ар бир саясий партия Юстиция министрлигине партиянын мүчөлөрү тууралуу толук маалыматты жыл сайын берип турууга милдеттүү.

Тажикстандын Социал-демократиялык партиясы 1998-жылы түптөлгөн. Партия лидери Рахматулло Заиров ал убакта азыркы президент Эмомали Рахмондун юридикалык маселелер боюнча кеңешчиси болуп иштеп жүргөн. Заиров партиясы Юстиция министрлигинен каттоодон өтөрү менен кеңешчилик кызматын таштап кеткен. Ал түптөгөн Тажикстан Социал-демократиялык партия азыркы күндө өлкөдө оппозициялык маанайдагы партия деп саналат.

Тажикстанда учурда сегиз партия бар. Мындан башка саясий топторго ар кандай кылмыш иштери козголуп, Жогорку сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG