Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Тажик президентин сындагандарды жазалаган мыйзам


Эмомали Рахмон 30-октябрда ант берип, бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий түрдө киришкен.
Эмомали Рахмон 30-октябрда ант берип, бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий түрдө киришкен.

Тажикстандык серепчилер президенттин ар-намысына шек келтирүүнү кылмыш катары эсептеген мыйзамды «саясий мүнөздө» деп сындап жатышат. Буга чейин бир нече киши «президент Эмомали Рахмондун беделине шек келтирди» деген берене менен камакка алынган.

«Мени «президентке акаарат келтирди» деп айыпташты»

Тажикстандагы «Реформа жана өнүгүү кыймылынын» лидерлеринин бири Шарофиддин Гадоевге «Президентти кемсинтүү» деген берене менен айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. 2019-жылы оппозиционер Москвадан кармалып, Дүйшөмбүгө жеткирилген.

Гадоев 2-ноябрда «Азаттык» радиосунун тажик кызматы менен болгон маегинде кылмыш ишине ал сүйлөп жаткан жерде тартылган видео да тиркелгенин айтты:

Шарофиддин Гадоев.
Шарофиддин Гадоев.

«Президентке айтылган дооматтар мамлекет башчысын кемсинтүү катары бааланган. Алар мага «сиз президентти тигил же бул нерсе боюнча айыптоого укугуңуз жок» дешти. Менин оюмча алар ушундай жол менен президенттин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоону көздөшөт. Башкача айтканда, президентке сөз айтууга эч кимдин укугу жок. Ал туура эмес иш жүргүзүп жатканын же «үй-бүлөлүк» өкмөттү курганын сындагандар президентке акаарат келтирди деп кабыл алынат экен».

Эл аралык уюмдардын көмөгү менен Гадоев Тажикстандан Нидерландга кайтып келген жана ага козголгон кылмыш иши сотко өткөн эмес.

Бирок 2018-жылы Умар Муродов «президентти кемсинткени» үчүн жана Интернет аркылуу «мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатууга» үндөгөн чакырыктарды таштаган деген негизде 5,5 жылга эркинен ажыратылган. Ага «Орусияда, эмгек миграциясында жүрүп «Одноклассники» социалдык түйүнүндөгү баракчасында мамлекет башчысын кемсинткен деген айып коюлган. Муродов сотто анын социалдык тармактардагы комментарийлери «жаңылыштык» болгонун моюнга алган, бирок сот анын сөзүн эске алган эмес.

Ал эми тажикстандык белгилүү юрист Бузургмехр Ёровго да кылмыш иши козголгон. Ал 2015-жылы өлкөдө тыюу салынган «Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын» (ИРПТ) камакка алынган активисттерине укуктук колдоо көрсөтө баштагандан кийин кармалган.

2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган Ёровдун иши кайра каралып, бирок «президентти кемсинтүү» беренеси боюнча жаңы айып коюлган.

«Бир токтомдун тарыхы»

Мындай соттук иштердин дээрлик көпчүлүгү 2016-жылдын 2-ноябрында Тажикстанда өкмөт президенттин беделине шек келтирүү үчүн жазаны күчөткөн токтом кабыл алган соң козголгон. Сот бул берене боюнча күнөөлүү деп тапкан жаран беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бир жылдан кийин Тажикстандын Жазык кодексинин 137-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Анда президентти маалымат каражаттары же социалдык тармактар аркылуу кемсинткен же жамандаган адамдарга чоң өлчөмдө айып пул салынып, беш жылга чейин камакка алынары каралган.

Укук коргоочулар «Президентти кемсинтүү» деген беренени «саясий куугунтук» деп эсептешет. Алардын пикиринде, муну менен тажик бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге же аткаминерлерге айтылган сын-пикирлердин да алдын алууну көздөп жатат.

Берене өкмөттүн ишин сындаган журналисттерге жана айрым саясатчыларга да бир нече жолу колдонулган. Бирок 2012-жылы жарандык коомдун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын аракети менен Жазык кодексинен «Жалаа жабуу» жана «Мазактоо» деген беренелер алынган. 137-берене өзгөртүүсүз калган.

«Human Rights Watch» уюмунун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча изилдөөчүсү Владислав Лобанов бийликти мыйзамдын бул жобосунан баш тартууга чакырды:

«Тажикстанда эркин маалымат каражаттары кыйла азайып, калган басылмалар бийликтин кысымында калууда. Тажик бийлиги сөз эркиндигин, анын ичинде Интернеттеги маалымат таратуу укугун сыйлап, бийликке жана анын саясатына айтылган ар кыл сын-пикирлерге сабырдуулук менен мамиле кылышы керек».

«Улут лидери» жөнүндө мыйзам»

«Human Rights Watch», «Freedom House», БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы жана жергиликтүү укук коргоочулар Тажикстандын Жазык кодексиндеги «президентти мазактоо үчүн» катаал жазалардын колдонулушун сындап, бийликти бул чечимди кайра карап чыгууга үндөп келатышат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут лидери» деген макам 2015-жылы берилген. Тажикстанды дээрлик 28 жылдан бери башкарып келаткан Рахмон 30-октябрда ант берип, бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий түрдө киришкен.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG