Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Рахмондон кечирим сурабагандар абакта калды


Дүйшөмбүдөгү түрмө. Тажикстан.
Дүйшөмбүдөгү түрмө. Тажикстан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон түрмөдө отургандарга мунапыс жарыялаган. Бирок президенттин ырайымына Тажикстандын мурдагы өндүрүш министри, 29 жылга кесилген Зайд Саидов илинген жок. Экс-министр күнөөсүн мойнуна алып, президенттен ырайым суроодон баш тарткан.

11-октябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жети жылдык президенттик бийликке киришүүдөн мурун абакта жазасын өтөгөн 378 кишиге ырайым берген. Бирок мунапыска кимдер илингени айтылган эмес. Ал эми тажик бийлиги ырайым кылуу өтүнүчү менен мамлекет башчыга кайрылган жарандар гана бошотулганын билдирди.

Президент Рахмондон ырайым суроодон баш тартып, темир тор артында кала берген "белгилүү" туткундар да бар. Алардын бири - өлкөнүн мурдагы өндүрүш министри

.

Саидов 2013-жылы 19-майда Франциядан кайтып келатканда Дүйшөмбү аэропортунда камакка алынган. Анын алдында “Жаңы Тажикстан” аттуу жаңы оппозициялык партия түзгөнүн жарыялаган. Ага толугу менен же жарым-жартылай таандык өнөр жай ишканалар конфискацияланып, улутташтырылган. Сот Саидовду "паракорчулук", "зордуктоо" жана "көп аял алуу" беренелери менен айыптап, 26 жылга эркинен ажыраткан.

Кийинчерээк ал “Душанбе Плаза” соода комплексин салууда документтерди бурмалоого жана “Тажикатлас” бирикмесин мыйзамсыз менчиктештирүүгө айыпталып, жаза мөөнөтү 29 жылга узартылган. Сот аны мамлекетке 34 миллион сомони (2,5 миллион доллар) төлөп берүүгө милдеттендирген.

Муну менен катар Салык комитети 2013-жылы Зайд Саидовго жана анын туугандарына таандык 13 ишкананы улутташтырган.

Саидовдун атын атабаган жакын туугандарынын бири 19-ноябрда "Азаттык" радиосунун тажик кызматына экс-министрдин түрмөдөгү абалын айтып берген.

“Түрмөдө агама аткаминерлер келип, күнөөсүн мойнуна алууну жана президенттен кечирим сурап, кат жазууну сунушташкан. Бирок ал жалган айыптоолор менен түрмөгө отурганын айтып, макул болгон эмес”, - деди Саидовдун туугандарынын бири.

Саидовго байланыштуу бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болгон жок. Тажик бийлиги да бул маалыматты ырастап же төгүндөгөн эмес.

Ал эми Зайд Саидовго жакын адамдар ага Рахмондон ырайым суроону президенттик шайлоодон кийин эле сунуш кылышканын айтышууда.

Ушул жылдын май айында тажик бийлиги абактагы Саидовдун уулу Хайрулло Саидовго таандык Дүйшөмбүдөгү бизнес борбордун имаратын тартып алган.

Хайрулло Саидов бул тууралуу өзүнүн "Facebook" баракчасына жазган.

"Мурда банк кепилдиги менен алынган бул имарат кийин банкка өткөн. Жертөлө, биринчи жана экинчи кабаттар гана мага таандык болчу. Бул деген отуздан ашуун үй-бүлөнүн бирден-бир жашоо булагы эле ”, - деген анда Хайрулло Саидов.

62 жаштагы Зайд Саидов Вахдат шаарындагы колонияда жазасын өтөп жатат. Май айында Хайрулло Саидов атасы сыркоолоп жатканын, оорунун белгилери коронавируска окшош экенин билдирген. Ал тажик бийлигине кайрылып, пандемия маалында түрмөдөн жашы 60тан өйдөлөрдү бошотууну сураган. Бийлик бул чакырыкка көңүл бурган эмес.

Президент Рахмондун "мунапыс жөнүндө" жарлыгынан кийин соттолгондордун кайсы категориялары бошотулганы азырынча белгисиз. Буга чейин Тажикстандын Юстиция министрлиги бул жарлык тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, бул Башкы прокуратуранын ыйгарым укугу экенин билдирген.

Ал арада «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн 28 жылга кесилген адвокат Бузургмехр Ёров да өзүн күнөөлүү деп эсептебегени үчүн ырайым суроодон баш тартканы кабарланды. Анын бир тууганы Жамшед Ёров агасына абакта күч менен президенттен ырайым суроону сунуштаганын айткан.

"Бир нече жолу Бузургмехрге эл алдында чыгып, "жасаган ишим үчүн өкүнөм" деп айтууну сунушташкан, атүгүл президент Эмомали Рахмондун атына жазылган кечирим сураган кайрылуунун текстин да даярдап беришкен. Бирок ал кечирим суроодон баш тартты", - деди Жамшед Ёров.

Тажикстандын эгемен тарыхында 15 жолу мунапыс жарыяланган. Былтыр 20 миңге жакын адам мунапыска илинген.

Абактардагы абалды иликтеген эл аралык борбордун (ICPS) - маалыматы боюнча Тажикстанда 9,5 миңдей адам түрмөдө жатат. Чөлкөмдө Өзбекстан жаза аткаруу жайларында эң көп адам камалган өлкө болуп саналат. Анда абакта 44 миңге жакын киши отурат.

Ал эми Кыргызстанда жакында эле 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкканы маалым болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматына караганда, 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгон.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG