Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Маалымат агенттигинин жетекчиси акча талап кылганы үчүн кармалды


Алдын ала белгиленген банкноттор. Бишкек. 22-февраль, 2021-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).
Алдын ала белгиленген банкноттор. Бишкек. 22-февраль, 2021-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).

Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси М. У. К. 22-февралда 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

"Кармалган айым агенттиктин сайтындагы видео тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Тасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган", - деп жазылган.

Маалымат агентигинин жетекчиси М. У. К. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Иликтөө жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG