Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Грузия парламенти Гарибашвилинин өкмөтүнө ишеним көрсөттү


Грузиянын жаңы өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили. 2021-жылдын 22-февралы.
Грузиянын жаңы өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили. 2021-жылдын 22-февралы.

Грузиянын парламенти 12 сааттык талкуудан соң, 22-февралда Ираклий Гарибашвили мырзаны жаңы өкмөт башчы кылып бекитти. Аны ;актап 89 добуш берилди, 2 гана депутат каршы чыкты.

Саал жаңыртылган өкмөткө коргоо министри жана чөлкөмдүк өнүктүрүү министри жаңыдан дайындалышты.

38 жаштагы Ираклий Гарибашвили 2013–2015-жылдары да грузин өкмөтүн башкарган болчу. 2019-жылдын сентябрынан тартып ал коргоо министри кызматын аркалап келген.


Быйыл 8-февралда премьер-министр Георгий Гахария капысынан өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Ал өлкөдөгү «Бирдиктүү улуттук кыймыл» аттуу эң ири оппозициячыл партиянын лидери Никанор (Ника) Мелияны камакка алуу аракетине каршы нааразылык билдирди. Мелия сот тарабынан чегерилген каржылык жазаны аткаруудан баш тарткан болчу.

22-февралда Гарибашвили парламенттеги сөзүндө Мелия мыйзамды бузган жана өлкөдө эч бир саясий күч же төбөл мыйзамдан кутулуунун айласын таба албайт, деп билдирди.

Азырынча Мелия кармала элек. Ал мурдагы президент Михаил Саакашвилини колдогон партиянын төрагасы болуп саналат.

Гарибашвилинин оппозиция менен конструктивдүү кызматташуу үчүн баарлашууга каршы маанайын коомчулук өкүлдөрү сынга алышууда. (TT)

XS
SM
MD
LG