Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:54

COVID-19: 23-февралда оорудан 76 адам айыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 23-февралга карата берген маалыматы боюнча, COVID-19 инфекциясы 72 адамдан жаңы аныкталды.

Илдет жуктургандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында.

  • Бишкек - 17
  • Ош - 0
  • Чүй облусу – 47
  • Ош облусу - 1
  • Талас облусу - 0
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 3
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу - 2

Бишкекте эки адам оорудан көз жумду. 66 адам сакайды.

Стационарда дарыланып жаткан 383 бейтаптын жүздөн ашыгынын абалы оор деп бааланууда.

Вирус жаңы катталган март айынан бери Кыргызстанда 86 001 адам ооруга кабылды. 82 879 адам сакайды. Коронавирустан 1460 адам көз жумду.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган вирус кыска убакытта бүт дүйнө жүзүнө жайылды. Дүйнө жүзү боюнча 112 миллиондон ашуун адам ооруга чалдыгып, 87 миллиондон ашык адам сакайды. Коронавирус дээрлик 2,5 млн адамдын өмүрүн алды. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG