Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Адвокат Эркимбаев: Абылгазиевге "Кумтөр" компаниясына кошумча жер бөлүп берген деген доо коюлган эмес


Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин адвокаты Данияр Эркимбаев Абылгазиевге Кумтөр кенинин аянтын кеңейтүү максатында кошумча чалгындоо үчүн жер бөлүп берүү боюнча айыптоо болгон эмес деп билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” 22-февралда айтты.

“Кумтөрдүн аянты боюнча айып угузулган эмес, күнөө да коюла элек. Эмнеге массалык маалымат каражаттарына Кумтөрдүн аянтын кеңейтүү боюнча айыпталды деп берип жатканын түшүнбөй жатабыз. Мунун максатын билбейбиз. Негизи, өкмөт деген коллегиялык орган да. Айыптагандан мурда ушуну эске алып, жагдайды талдаш керек болчу”.

Абылгазиевдин адвокаты ошондой эле анын ачкачылык жарыялаганы тууралуу айтылып жаткан кептерди төгүндөп, өзү жактап жаткан саясатчынын абалы канааттандырарлык деди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Абылгазиевди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүү тууралуу токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Ал «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча да айыпталып жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (BCh)

XS
SM
MD
LG