Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Башкы прокуратура: «Билайндын» мурдагы директору кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Скай Мобайл» («Билайн» деген бренд менен таанылган-ред.) компаниясынын мурдагы директору Евгений Кражан Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча шек саналып кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, ал «Скай Мобайлды» башкарып турганда радио жыштыкты пайдалануу үчүн берилген лицензияны кайра каттоо ишинде өкмөттүн кызмат адамдарына акчалай пара берген деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Аскер прокуратурасынын мекеме аралык тергөө тобу ишти иликтеп жатат.

Аскер прокуратурасы ушул эле кылмыш иши боюнча 1-февралда Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчисин (Ч.Б.) «Коррупция» беренесине шектүү катары кармады. Ачык маалыматтарга караганда байланыш агенттигин 2016-жылы Чынгыз Бекташов башкарып турган.

Мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганына байланыштуу кылмыш иши 2020-жылы козголгон.

Былтыр 11-ноябрда бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жана Аскер прокуратурасынын мекеме аралык ыкчам тергөө тобу өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыевди кармаган.

Ушул эле кылмыш ишине шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 2020-жылдын 12-майында камакка алынып, былтыр жыл аягында үй камагына чыгарылган.

Жыштык чырында аты аталган экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын июнь айында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG