Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Жыштык чуусунан жыйынтык чыга элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Скай Мобайлга» 200 МГц радио жыштык мыйзамсыз берилген иш боюнча кылмышка шектүүлөрдүн бири, УКМКнын жооптуу кызматкери Нурлан Момунов үй камагына чыгарылды.

Ал эми депутат Жанарбек Акаев жыштык чатагынын башында тургандар жоопкерчиликтен кутулуп, шайлоо өнөктүгүнө аралаша баштаганын билдирди. Быйыл жазында коомчулукка белгилүү болгон жыштык чатагы боюнча кармалып, камакка алынгандардын айрымдары тергөө абагынан үй камагына чыга баштаганы белгилүү болду.

Бул ишти УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу иликтеп, Байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Наталья Черногубова, «Ала-ТВнын» негиздөөчүсү Артур Халдаров, анын директорунун орун басары Дмитрий Ветлугин, Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Максат Жылышбаев кармалган. Алардан сырткары УКМКнын эки кызматкери камакка алынган болчу.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова алардын бири Нурлан Момуновдун бөгөт чарасы эмне себептен өзгөргөнүн айтып берди:​

«Шектүү Момунов Нурлан Курманбекович азыркы убакта тергөө органдары менен кызматташып жатканына жана анын карамагында жашы жете элек баласы жана туруктуу жашаган жери болгондугуна байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 30-июлундагы токтомуна ылайык, ага карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы камакка байланышпаган түрүндөгү бөгөт чарасына - үй камагына өзгөртүлдү. Ага үй камагында турган учурда жашаган жеринен күндө саат 22:00дөн 06:00гө чейин кетүүгө, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан тышка чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен тергөө органдарына келиши милдеттендирилди».

Жаңы Жазык-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, тергөө менен кызматташып, ага кандайдыр бир маанилүү маалымат берген кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартууда жеңилдиктер каралган.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Депутат Дастан Бекешев фигуранттардын бардыгы бошоп чыгып кетип, жыштык чыры жөн эле жабылып кете турган кылмыш иши эмес экенин айтты. Ал үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим мыйзамдын негизинде кабыл алынганын белгиледи:​

«Мындай олуттуу иштер жөн эле бүтүп калбайт. Көбү тергөө абагында отуруп калышты. Мүмкүн бул жерде алар тергөө менен келишип, кызматташканы үчүн үй камагына чыгып жатат. Мыйзамда мындай жеңилдик берүү жагы каралган. Эгерде кылмышка шектүү анын катышуучусу болгон учурда да тергөө үчүн маанилүү маалыматтарды берип, иштин ачылышына салым кошуп, көрсөтмө берсе, ага мыйзам жоопкерчилигин жеңилдете турган шарттарды берүүнү кепилдик кылат. Ошондуктан бул жерде ал жоопкерчиликтен такыр эле бошоп кете албайт. Бирок ага жеңилдиктер болот».

Буга чейин депутат Жанарбек Акаев 200 МгЦ радио жыштык жең ичинен сатылып кеткенин, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон кызмат адамдарынын катышы болушу мүмкүн экенин айтып, анын тергөөгө барып сурак беришин талап кылган.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Депутат Жанарбек Акаев айрым шектүүлөрдүн үй камагына чыгып, ал эми иштин башында тургандардын тергөөгө чакырылбай жатышынын төркүнүн мындайча мүнөздөдү:​

«Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү тууралуу абдан чоң ураандар айтылганы менен, бирок иш жүзүнө келгенде «өзүбүздүн балдар» деп минтип эле коргоп койгон учурлар абдан көп болуп жатат. Болбосо мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан кеткенден кийин аны тергөөгө чакырып, сурап да коюшпады. Кыргызстандагы эң чоң мүшкүл ушул. Болгону кызматтан гана алып коюп, анан эч кандай жазасыз калтырат. Анын ордуна азыр анын башы шайлоо өнөктүгүнөн көрүнө калып жүрөт. Бул «коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат» деген сөздүн чындыгынан чоң күмөн жаратат. Бул иш биздин көзөмөлдө болот. Күзүндө бул чуулгандуу кылмыш иши боюнча кимдер жоопко тартылды, кимдер четте калды деген маселени көтөрүп чыгабыз».

Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык чыры боюнча кылмыш иши козголгондо тергөөгө басым болуп калбасын деген ниетте, атайын эмгек өргүүсүнө чыкканын, бирок бул аралыкта тергөө органдары ага кандайдыр бир суроолор менен кайрылбаганын билдирген. Ал эми депутат Жанарбек Акаев анын ошол кездеги аппарат жетекчиси Самат Кылжыев бир нече ирет тергөөгө сурак берип чыкканы боюнча маалымат бар экенин айткан.

Жанарбек Акаев 20-майда парламентте жыштык чыры боюнча атайын билдирүү жасаган. Анын маалыматына караганда, «Билайн» уюк байланыш оператору «AlaTV» компаниясын 200 МГц диапазонундагы жыштыгы менен кошуп бир млн. 800 миң долларга сатып алган.

«Билайн» «AlaTVнын» телеберүүгө багытталган жыштыгын ушул жылдын март айында уюк байланыш операторуна 4G Интернетке колдонуш үчүн кайра каттоодон өткөргөн. Акаев наркы бир нече миллион сомдук 200 МГц жыштык «Билайнга» 700 сомго сатылып кеткенин жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG