Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси (Ч.Б.) Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен шек саналып 1-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлап, шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал мамлекеттик жогорку кызмат адамдары жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барган. Өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда алыш үчүн ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланган деп айыпталууда.

Шектүү 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторлорунун бирине радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензияны арзан эле берип жиберген. Ачык маалыматтарга караганда Мамлекеттик байланыш агенттигин 2016-жылдын 13-июнунан баштап Чыңгыз Бекташов жетектей баштаган.

Ушундай эле радио жыштык 298 млн. 803 миң сомго сатылганына карабастан, жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сом болгон. Жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Бул ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганына байланыштуу кылмыш иши 2020-жылы козголгон.

Былтыр 11-ноябрда бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жана Аскер прокуратурасынын мекеме аралык ыкчам тергөө тобу өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыевди кармаган.

Ушул эле кылмыш ишине шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 2020-жылдын 12-майында камакка алынып, былтыр жыл аягында үй камагына чыгарылган.

Жыштык чырында аты аталган экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын июнь айында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG