Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Кыргыз армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда


Баткендеги чек ара сакчылары
Баткендеги чек ара сакчылары

Дүйнөдөгү армиялардын абалына көз салган "Global Firepower" индекси боюнча Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат. Кыргызстан 2016-2017-жылдары бул рейтингде 108-тепкичте болчу.

Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан төртүнчү орунда. Биринчи орунга Өзбекстандын армиясы чыкты. Куралдануу жана камсыздалышы жагынан өзбек армиясы дүйнөдө 51-орунда турат.

Экинчи орунда Казакстан, дүйнөдө 62-сапта турса, үчүнчү орунда Түркмөнстан, дүйнө боюнча 86-орунда, Тажикстандын армиясы дүйнөдө 99-орунда.

Бул индексти чыгарууда өлкөнүн ички дүң өнүмү, мамлекеттик карыз, аймагынын аянты, армиянын саны, резервдеги армиянын саны, куралданган техникасы сыяктуу бир нече факторлор каралат.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

1992-жылы Кыргызстанда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түптөлгөн. Мамлекеттик чек ара кызматы 1999-жылы түзүлгөн. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бул орган Улуттук коопсуздук кызматынын курамына өткөрүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG