Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Тбилисиде оппозиция лидеринин тарапташтары демонстрация өткөрүүдө


Грузиядагы оппозициянын тарапташтары парламент алдына демонстрацияга чыгышты. 23-февраль, 2021-жыл.
Грузиядагы оппозициянын тарапташтары парламент алдына демонстрацияга чыгышты. 23-февраль, 2021-жыл.

Оппозициячыл партиялардын миңдеген тарапташтары, жарандык активисттер 23-февралда Грузия парламентинин алдында нааразылык акциясына чыгышты. Алар оппозициянын лидери Ника Мелиянын бошотулушун талап кылууда.

4 миллион калкы бар Грузияда саясий кырдаал былтыр ноябрда өткөн шайлоодон бери курчуп турат. Анда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы алдыга озуп чыккан. Оппозициячыл партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Грузин полициясы 23-февралда таңга маал оппозициячыл саясатчынын кеңсесине кирип, көздөн жаш чыгарчу газ чачуу менен тинтүү жүргүзүп, кабинетинде баррикада куруп ичинен бекинип алган Ника Мелияны кармап кеткен.

«Бирдиктүү улуттук кыймыл» оппозициячыл партиясын жетектеген Мелия 2019-жылдагы нааразылык жыйыны маалында тополоң уюштурган деп айыпталып, соттун чечими боюнча күрөө төлөп, электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Бирок ал былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде күрөөнү төлөөдөн баш тартып, электрондук билеригин да чечип салган.

Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде күрөөнү төлөөдөн баш тартып, электрондук билеригин чечип салган.

Өткөн жумада сот күрөөнү төлөбөгөнү үчүн камакка алууну өкүм кылган. Бирок Ички иштер министрлиги оппозициячыл саясатчыны камабай турууну чечкен.

Грузиядагы АКШ элчилиги Мелиянын камалышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG