Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

БУУнун адам укуктары комитети Фирусхан Физиевдин иши боюнча чечим чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары комитети Кыргызстандагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында табышмактуу себептер менен каза тапкан бажы кызматкери Фирусхан Физиевдин өлүмү боюнча чечим чыгарды.

19-февралда чыккан чечимде Кыргызстанда Физиевдин өлүмүнө байланыштуу иш тиешелүү деңгээлде каралбаганы жазылган.

Бул тууралуу Кыйноолорго каршы коалиция маалымдады.

Коалициянын мүчөсү, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча БУУнун мындай чечиминен кийин кыргыз бийлиги Фирусхан Физиевдин өлүмү боюнча ишти кайрадан карап, жабырлануучуларга кенемте төлөп берүүгө тийиш.

“Кылым шамы” уюму беш жыл мурда каза тапкан Ферузхан Физиевдин өлүмүнө байланыштуу иликтөө жүргүзүүнү суранып, 2016-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссиясына кайрылган.

Маркумдун туугандары Физиев кыйноолордон улам каза тапканын айтып келет.

“Кылым шамы” уюму экспертизага таянып билдиргендей, анын төш сөөктөрү, кабыргасы сынып каза тапкан.

Башкы прокуратура бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. “Кылым шамы” уюму адилет иликтөө жүрбөй калганын, жооптуулар жазага тартылбаганын билдирген.

Бажы кызматынын Маңзат аткезчилигине каршы башкармалыгынын инспектору Ферузхан Физиев 2011-жылдын 30-июлунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кармоочу жайында каза тапкан.

Ал ири өлчөмдө курал-жарак саткан топтун мүчөсү деп шек саналып ошол күнү кармалган. Атайын кызмат Физиев куралчан каршылык көрсөтүп, үйдүн үстүнөн секирип түшкөн учурда алган жарааттан улам көз жумганын кабарлаган.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG