Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Сузактагы үрөн чарбалардын иши текшерилет


Жазгы айдоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Жазгы айдоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсатар Сыргабаев 22-февралда жазгы талаа иштерин талкуулоо боюнча жыйында үрөн чарбаларынын ишин сынга алды.

Өкүл үрөн чарбалары элдин ишениминен чыгып баратканын айтып, дыйкандарды үрөн менен камсыздоо солгундап кеткенин эскертти.

“Кооперативдер, үрөнчүлүк чарбалар жеке бизнеске айланды. Мамлекет жер менен камсыздагандан кийин бирдиктүү саясат жүргүзүп, элге кызмат кылышы керек. Сапаттуу үрөндөрдү даярдоого көңүл буруу зарыл. Бул жааттагы кызматкерлер жоопкерчилик менен иштеңиздер. Ошол эле учурда аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн да үрөн менен камсыздалышы жолго коюлушу керек",- деди Сыргабаев.

Өкмөттүн өкүлү тийиштүү кызматкерлерге 10 күндүк мөөнөттө дыйкандарды үрөн, минералдык жер семирткич жана төмөндөтүлгөн баада күйүүчү май менен камсыздоону тапшырды.

Сыргабаевдин тапшырмасы менен Сузак районунда атайын жумушчу топ түзүлүп, райондогу үрөн чарбаларынын ишин текшерет.

Райондо жалпы 44 495 гектар айдоо жери бар. Анын ичинен 25 086 гектары сугат, 19 409 гектары кайрак жер. Учурда 12347 га жер айдалган.

Жалал-Абад облусунда 2021-жылы 157 миң 690 гектар айдоо аянттарын даярдоо пландалган. Облуста жалпы 18 үрөнчүлүк чарбасы, 141 айыл чарба кооперативдери бар.(TB)

XS
SM
MD
LG