Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Грузин полициясы оппозиция лидерин камады


Грузин полициясы оппозиция лидери Ника Мелиянын кеңсесинде тинтүү жүргүздү.
Грузин полициясы оппозиция лидери Ника Мелиянын кеңсесинде тинтүү жүргүздү.

Грузияда полиция 23-февралда таңга маал оппозициячыл саясатчынын кеңсесине кирип, көздөн жаш чыгарчу газ чачуу менен тинтүү жүргүздү.

Тбилисидеги бул кеңсенин бир кабинетинде баррикада куруп ичинен бекинип алган оппозициянын лидери Ника (Никанор) Мелия кармалды. Бир нече күн мурда анын камалышына каршы чыккан премьер-министр Георгий Гахария кызматынан кеткен.

«Бирдиктүү улуттук кыймыл» оппозициячыл партиясын жетектеген Мелия 2019-жылдагы нааразылык жыйыны маалында тополоң уюштурган деп айыпталып, соттун чечими боюнча күрөө төлөп, электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Бирок ал былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде күрөөнү төлөөдөн баш тартып, электрондук билеригин да чечип салган.

Өткөн жумада сот аны күрөөнү төлөбөгөнү үчүн камакка алууну өкүм кылган. Бирок Ички иштер министрлиги оппозициячыл саясатчыны камабай турууну чечкен.

17-февралда Мелия колдоп чыккандарды полиция жаш чыгарчу газ чачып тараткан. Ондогон адамдар кармалган.

Быйыл 8-февралда мурдагы премьер-министр Георгий Гахария капысынан өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Ал өлкөдөгү «Бирдиктүү улуттук кыймыл» аттуу эң ири оппозициячыл партиянын лидери Ника Мелияны камакка алуу аракетине каршы нааразылык билдирген эле.


Дүйшөмбү күнү өкмөт башчылыкка парламент тарабынан тастыкталган 38 жаштагы Ираклий Гарибашвили мырза парламенттеги сөзүндө Мелия мыйзамды бузган жана өлкөдө эч бир саясий күч же төбөл мыйзамдан кутулуунун айласын таба албайт, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG