Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Катарда «Талибан» менен ооган өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү жанданды


Катардагы сүйлөшүүлөргө барган талибдердин өкүлдөрү.
Катардагы сүйлөшүүлөргө барган талибдердин өкүлдөрү.

Бир айлык тыныгуудан кийин Катарда талибдер менен ооган өкмөтүнүн ортосунда жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды.

Ансыз да согуштан башын көтөрө албай келаткан мамлекетте соңку айларда чабуулдар күч алганына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ок атышууну токтотууга чакырган.

TOLOnews агенттиги «Талибандын» расмий өкүлү, доктор Мохаммад Наимге таянып, 22-февралдын кечинде сүйлөшүүлөр жанданганын «Твиттерге» жазды.

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү өткөн айда башталгандан бир нече күн өтпөй кескин токтоп калган. Ооган өкмөтү, НАТО жана АКШ үчүн ок атышуу токтоп, чабуулдардын азайышы башкы приоритет болуп саналат. «Талибан» буга макул болгону менен ок атышууну дароо токтотууга каршы чыгып келет.

23-февралда жарык көргөн БУУнун баяндамасында былтыр 2019-жылга салыштырмалуу чабуулдарда өлгөн жана жарадар болгондордун саны 15% азайганы жазылган.

Бирок 2020-жылдын соңунда кол салуулар күч алган.

Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясы жана ошол эле уюмдун Адам укуктары боюнча агенттиги билдиргендей, жоочулар чабуул тактикасын өзгөрткөнүнө байланыштуу карапайым тургундар арасында өлүм-житим азыраак болду.

XS
SM
MD
LG